Валюталар курсу:
USD 84,65
EUR 102,7
KZT 0,198
RUB 1,143
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    МАРАТ ЖУСУПОВ: “”КЕПИЛДИК ФОНДУНА” КОЛДОО ҮЧҮН ЫРААЗЫМЫН”

    МАРАТ ЖУСУПОВ: “”КЕПИЛДИК ФОНДУНА” КОЛДОО ҮЧҮН ЫРААЗЫМЫН”

    Ийгиликтин тарыхы.

    Фермер Марат Жусупов Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында жашайт жана иштейт. Бул асыл айыл, Совет доорунда бул жерде чоң колхоз болгон, белгилүү адамдар ушул жерден чыгышкан.

    Маратбек Жусупов билими боюнча инженер, Фрунзе политехникалык институтунун бүтүрүүчүсү. Окууну бүткөндөн кийин ал колхоздо инженердик кызматтарда иштеген. Союз кулагандан кийин фермерчилик, коомдук иштер менен алектенип, жергиликтүү айыл өкмөттүн башчылыгына шайланган.

    Фермердик бизнестин тарыхы

    Анын учурдагы бизнесинин тарыхы 1997-жылдан башталат. Алгач өсүмдүк өстүрүү боюнча адистешкен. Өзүнүн 8,16 гектар сугат жеринин жана 13,46 гектар ижарага берилген жердин ээси. Жыл сайын 3,62 гектарга картошка өстүрөт. Аны сактоо үчүн атайын жайлар бар. Марат Жусупов эспарцет, арпа, буудай, картошка өстүрөт. Мисалы, ал дан эгиндерин 40 тонналык контейнерде сактайт.

    Буга чейин, Марат Мусаевичтин айтымында, ал кой багып, алардын саны 400 башка жеткен, мындан тышкары 8 уй, 5 бука, 14 жылкысы болгон. Кышында малды Качибек айылындагы чарбада багышат, жайкысын мал Кайынды коктусундагы чарбага айдалат.

    Белгилүү болгондой, жакшы бизнес инвестиция талап кылат. Ал бир нече жолу банк кредиттерин колдонгон. Тактап айтканда, 2015-2016-жылдары «Компаньон Банкынан» керектөө максатында эки жолу кредит алган. 2017-жылы ал эки жолу «Айыл Банктан» лизингге техника алган.

    Кредит боюнча төлөөнү өз убагында, мыйзам бузууларсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздарсыз жүргүзгөн.

    “Симменталдарды алуу туура чечим болгон”

    Жубайы Оксана менен биргеликте үч баланы тарбиялашкан. Дал ушул анын балдарынын келечеги, алардын материалдык жыргалчылыгын камсыз кылуу жөнүндө ойлору импорттолгон асыл тукумдуу уйларды сатып алуу идеясына түрткү болду. Тандоо эт жана сүт багыттарын бириктирген симменталдык породасына туура келди. Мындай тандоого маалымдамаларды изилдөө, ар кандай породалардын ээлери менен баарлашуу түрткү болду. Ошентип, ал “симменталдык уйлар ар кандай климаттык шарттарга жакшы ыңгайлашат жана узак өмүрлүү болот” деп билди. Башкача айтканда, чарба узак жылдар бою сүт жана тукум менен камсыз болот, деп Марат Жусупов чечип, «Айыл Банкка» финансылоо үчүн кайрылган.

    Бизнес-планга ылайык, ал Хакасиядан бир нече ондогон симменталдык уйларын жана бир нече букаларды сатып алууну көздөгөн. Ал эми колунда ошол жердеги чарба менен келишими бар эле. Жакшы кредит тарыхынын аркасында ал банктан кредит ала алды, айрыкча, кепилдик колдоосу “Кепилдик фонд” ААК тарабынан болгон.

    Алдыда олуттуу масштабдагы келишим турган, анткени бир гана буканын баасы болжол менен 170 миң сомго, кунажындар 120 миң сомго бааланган. Натыйжада ал 59 уй жана 2 бука сатып алган.

    Импорттолгон уйларды багуу нюанстары

    Марат Мусаевичтин айтымында, симменталдык уйларын багуу ал үчүн күтүлбөгөн көйгөйлөрдү жараткан жок. Алардын ден-соолугу чың, табити жакшы, мүнөзү токтоо. Алар жакшы салмак алышат, сүттү көп – күнүнө 20 литрге чейин беришет. Ошондой эле музоолор тез чоңойушат.

    Марат Жусупов фермер-кой чарбачы Аралбек Абдырасуловдун ыкмасы боюнча малды байлап багуу жана экструдирленген тоют менен азыктандыруу тажрыйбасын колдонгонун айтты, анын тажрыйбасы бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКтын «Интенсивдүү кой чарбачылык» программасынын алкагында жайылтылып жатат. Анын айтымында, койлорду тоюттандыруу тажрыйбасы уйларды тоюттандырууга толук ылайыктуу.

    Сарайды тазалоо зарылчылыгы, саан, тоюттандыруу шаймандар жана башка керектуу нерселер аны кошумча каражат издеп 20 кунажын сатууга мажбур кылган.

    Белгилей кетүүчү нерсе, үйүрдүн наркы акчалай түрдө төмөндөгөн жок, музоолор дагы чоңойуп жатат, андыктан бул сатууну чыгашалуу же практикалык эмес деп эсептөөгө болбойт.

    Марат Жусуповдо айыл чарба техникалары бар – тиркемелери бар эки трактор жергиликтүү тургундарга техникалык кызмат көрсөтөт.Тоютту жана продуктуларды ташуу үчүн ал КУН-10 ар тараптуу унаага ээлик кылат.

    Жакында ал биогаз жабдуусун сатып алып, алып келип, сарайдын аймагына орнотту. Эми аны ишке киргизүү үчүн ага кошумча каражат керек болот. Бирок аны кайдан алса болот? Марат Жусупов кредитти кайра каржылоого жана “Айыл Банктан” кошумча акча каражаттарын алууга жана “Кепилдик фонд” ААКтын колдоосуна үмүт артууда.

    Ишкердин каалоосу

    Маектешибиз ишкерлерди, айрыкча айылдык ишкерлерди узак мөөнөттүү кредит менен камсыз кылууса жакшы болот эле деген каалоосун жогорку инстанцияларга билдирди. Кредит ала электе эле, төлөө мөөнөтү келип калат, – дейт фермер.

    Ошондой эле, Марат Жусупов жергиликтүү бийлик органдарынан, Айыл чарба министрлигинен бизнес долбоорлорду жана иштеп жаткан өндүрүштү колдоо жагынан конкреттүү жардам алгысы келет. Бир дагы аким же губернатор фермер кантип жашайт, кредитти кантип төлөйт, кандай жардамга муктаж деп кызыккан эмес, акыры биз мамлекеттик азык-түлүк коопсуздук маселесин чечип жатабыз, деди ал.

    Марат Жусупов өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан «Кепилдик фондуна» жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Кантсе дагы, региондордогу күрөө төмөн ставкалар менен бааланат, талап кылынган кредит суммасын алуу кыйынга турат, ошондуктан кепилдиктерди колдоо институтунун иши өтө маанилүү, деп эсептейт фермер.

    САМАРА АБДРАХМАНОВА: “КЕПИЛДИК КОЛДОО БИЗНЕСТИН ӨНҮГҮШҮНӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ, ЧОҢ ПЛАНДАРДЫ КУРУУГА МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ”

    Ийгиликтин тарыхы.

    Биздин каарман – Самара Абдрахманова – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жашайт. Айыл мурун Покровка деп аталчу. Бул он беш миңден ашуун калкы бар Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги чоң регионалдык борбор. Самара Абдрахманова жергиликтүү стандарттар боюнча ири бизнестин ээси – анын дүкөндөрү, кафелери жана ошондой эле ижарага берилген жайлары бар. “Кепилдик фонд” ААКтын кепилдик алуучусу болуп саналат.

    2001-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Самара Абдрахманова №14 кесиптик лицейде ашпозчулукка окуган. Бирок ал коомдук тамактанууда иштеген жок. Соода тармагына кызыгып кетти. Мен эмне гана саткан жокмун – күнкараманы, жер жаңгактарды, колго жасалган токочторду, тооктун жумурткаларын, деп эскерет ал. Жайында велосипед менен, кышында чана менен товарларды ташып жүрдүм.

    Чакан чекене соодадан баштап ири бизнеске чейин

    Андан кийин ал лотоктон айылдын борбордук базарындагы ар кандай майда нерселер менен соода кыла баштады. Турмушка чыккандан кийин, Самара жана анын күйөөсү сооданын көлөмдөрүн жана жүгүртүүнү кеңейте башташты, жашылча соодасын кошушту. 2007-жыл бизнестин башталышы деп эсептесе болот. Бул учурда олуттуу инвестицияларды жасоо жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү зарылдыгы келип чыккан, анткени алардын чакан дүң бизнес чөйрөсү кыйла кеңейди: тамак-аштан баштап, эл керектөөчү товарларга чейин. Ошондуктан, алар жүгүртүү капиталын толтуруу жана учурдагы бизнесин өнүктүрүү үчүн «ФИНКА Банкка», «Компаньон Банкка», «Азия Банкына» бир нече жолу кайрылышкан жана кредит алышкан.

    “Кепилдик фонд” ААКтын кепилдиктерин колдонуунун башталышы

    Ишкерлер «Азия Банкынан» акыркы үч кредитти «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдик колдоосунун аркасында алышты. Самара Абдрахманованын айтымында, кепилдик колдоо бизнести өнүктүрүүгө жардам берет, чоң пландарды түзүүгө мүмкүндүк берет. 2016-жылдын май айында алынган кредит менен Самара Абдрахманова дүкөн куруу үчүн жер тилкесин алган, ошондой эле мурунку кредиттин калган калдыгын кайра каржылаган. 2017-жылы эшигин ачкан эки кабаттуу “Элдик” дүкөнүн курду. Сатып алуучуларга товарлардын жана продукттардын кеңири тизмеси сунушталат, ал үчүн жергиликтүү тургундар гана эмес, тегеректеги айылдардан да келишет. Көпчүлүгү ушул жерден майда дүңүнөн сатып алышат. Алар өзүлөрү Бишкек шаарынан, «Дордой Моторс» дүң базарынан (өзүлөрүнүн эки жүк ташуучу унаалары менен) товарлардын жана продукттардын ири партияларын ташып келишет, калгандарын соода жана өндүрүш компанияларынын дистрибьюторлору жеткиришет.

    2019-жылдан бери Каракол шаарында бир аталыштагы ижарага алынган эки кабаттуу имаратта этно-кафе жана дүкөн иштеп жатат. Дүкөндүн жалпы аянты 440 чарчы метрди түзөт. Кафе 100-200 кишиге ылайыкташтырылган. Товарлар жана жабдуулар 2019-жылдын сентябрь айында алынган дагы бир банк кредитинин жардамы менен сатылып алынган. Жеткирүү жергиликтүү фирмалар тарабынан жүргүзүлөт.

    Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жана карантин жарыялангандыгына байланыштуу, кафе ишин убактылуу токтотууга аргасыз болгон. Жай мезгилинде ал кайрадан ишин баштады. Кафенин менюсунда ар кандай улуттук, европалык тамактар, шашлыктын түрлөрү, тандыр самса жана башкалар бар. Самара Абдрахманова дагы бир кафе сатып алууну пландап жатат, анын аймагында тандыр мештери курулат. Каракол шаарында коомдук тамактануу системасы абдан өнүккөн жана жергиликтүү кафе-ресторандар арасында күчтүү атаандаштык орун алган. Ошондуктан, башка кафелердегидей эле, бул жерде да жогорку деңгээлдеги тейлөө жана жогорку сапаттагы ашканалар менен камсыз кылуу керек болот.

    Өрт бизнеске катуу сокку урду, бирок Самара Абдрахманованын рухун сындыра алган жок

    Ишкердиктин ийгиликтүү жолун Кызыл-Суу айылында жайгашкан дүкөндө болгон өрт кырсыгы үзгүлтүккө учуратып, он миллиондон ашуун сомдук товарлар өрттөнүп кетти. Бул бизнести өнүктүрүүгө ушунча акча, нерв жана күч жумшаган Самара үчүн катуу сокку болду.

    Анын үй-бүлөсү – жолдошу Бурабаев Нурбек, балдары – уулу жана кызы ошол учурда ага чоң моралдык колдоо көрсөтүштү. Өрт бизнеске катуу сокку урду, бирок Самара Абдрахманованын рухун сындыра алган жок.

    Ал «Азия Банкына» товарларды сатып алуу үчүн каржылык колдоону жана тиешелүү түрдө мурунку кредитин кайра каржылоону суранып кайрылган, банк анын арызын, кардарынын учурдагы абалын карап кредит берген. Өз кезегинде “Кепилдик фонд” ага кредит алууга кепилдик берген.

    Алынган каражатка Самара Абдрахманова Каракол шаарынын борборунан кафе уюштуруу үчүн жай сатып алган, ал эми ошол эле райондук борбордон «Бугу» базарынан азык-түлүк дүкөнүн ачуу үчүн жай сатып алган. Үчүнчү бөлүгү мал кармаганга ылайыкталган жайды малчынын үйү менен бирге сатып алууга жумшалган.

    Буга Самара Абдрахмановга өрт кырсыгы менен болгон окуя түрткү болгон. Анткени, каржы маселесин чечүүдө ири мүйүздүү мал камсыздандыруу кызматын аткара алат деп чечим чыгарып, баасы 68ден 85 миң сомго чейинки продуктуулугу жогору 10 саан уй жана үч бука сатып алды. Анын пландарында малдын санын көбөйтүү бар.

    Жалпысынан Самара Абдрахманованын соода бизнеси кафе менен биргеликте 20га жакын адамды жумуш менен камсыз кылган.

    Самара Абдрахманованын мисалы биздин айымдар канчалык ишкер жана күчтүү экендигин көрсөтөт. Өз убагында кепилдик колдоо ишкердин үй-бүлөсүнүн гана эмес, Кыргызстандын бардык региондорундагы адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөп жашоо деңгээлин көтөрүүгө жардам берет.

    Темирбек МАМАТКАНОВ,

    «КФ» ААК

    Анара Токторова биз жана келечекке пландары жөнүндө

    2019-жылдын күзүндө Анара Токторова тигүү цехин куруу жана тигүү жабдууларын сатып алуу үчүн кредит алууга кепилдик берүү өтүнүчү менен «Кепилдик фонд» ААКка кайрылган.

    Өтүнмө берген учурда, А. Токторованын кийим өндүрүү жана сатуу боюнча 15 жылдык иш тажрыйбасы болгон, ал 26 адамды иш менен камсыз кылган. Өндүрүлгөн кийимдер Россия Федерациясынын бир катар шаарларына, анын ичинде Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск сыяктуу мегаполистерге экспорттолот.

    Өндүрүлгөн продукцияларга суроо-талаптын ар дайым жогорулашына байланыштуу А. Токторова бир нече жылдан бери өндүрүштүк кубаттуулугу жогору болгон тигүү цехин куруу жана айыл жеринде жумушчу орундарын түзүү идеясын ойлонуп жүргөн.

    Өтүнмө берген учурда, өндүрүш Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан эле, бирок ишкер тигүү цехин Ош областынын Биймырза айылында курууну чечкен. Арызды карап чыгууда буга көнүл бурулбай калган жок, анткени “Кепилдик фонд” ААК өлкөнүн региондорундагы чакан жана орто бизнеске артыкчылыктуу негизде кепилдик берет.

    А. Токторова: “Чоң буйрутмаларды алганыбызда, биз кичине цехте продукцияны толук өндүрүүгө күчүбүз жетпегендиктен, продукциянын керектүү көлөмүн алуу үчүн тигүү цехтерине бир бөлүгүн таратууга аргасыз болобуз”.

    Кепилдик алуучунун айтымында, тигүү цехинин курулушу аяктап, керектүү шаймандар сатылып алынып, продукция өндүрүүдө 80ден ашуун адам эмгектенүүдө. Жакын арада Анара Токторова жумуш орундарынын санын эки жүз кишиге чейин көбөйтүүнү пландоодо.

    «Өлкөдөгү пандемиядан улам кырдаалга байланыштуу көптөгөн ишканалар жабылууга аргасыз болду, бирок биздин өндүрүш токтоп калган жок. Учурда бардык коопсуздук чараларын сактоо менен коргоочу костюмдарды тигүү боюнча буйрутманы аткарып жатабыз», – деди А. Токторова.

    “Биз “Кепилдик фонд” ААКка кайрылгандыгыбызга эч өкүнбөйбүз, анын жардамына “Айыл Банк” ААКтан кредит алууда чынында эле муктаж болгонбуз. Бул фонд мага окшогон көптөгөн ишкерлерге жардам берет деп ишенем. Бүгүн биз ийгиликтүү иштеп жатабыз. Кепилдик фондуна терең ыраазычылыгымды билдирем”, – деп сөзүн жыйынтыктады Анара Токторова.

    “ТОПОЗ” ТРАКТОРЛОРУ – ТӨЛӨГӨН ИБРАЕВДИН ЭМГЕГИ

    “ТОПОЗ” ТРАКТОРЛОРУ – ТӨЛӨГӨН ИБРАЕВДИН ЭМГЕГИ

    Бул Кыргызстанда тракторлордун ири өндүрүшүн түзүү кыялына “Кепилдик фонд” ААКтын колдоосунун аркасында жакындаган Төлөгөн Ибраевдин ийгилик таржымалы.

    “ТОПОЗ” ТРАКТОРЛОРУ – ТӨЛӨГӨН ИБРАЕВДИН ЭМГЕГИ

    “Кепилдик фонд” ААК: чакан жана орто ишкерликти колдоо

    Төлөгөн Ибраев – Топоз тракторлорун чыгарган «Дос ТЖМ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Ал бийик тоолуу Нарын областынын Кочкор районундагы Шамшы айылынан болот. 2019-жылдын март айында ал жарым кылымдык мааракесин белгилейт.

    Ал ар дайым жергиликтүү экономиканын техникалык паркын түзгөн тракторлор менен комбайндарга, жүк ташуучу унааларга жана башка айыл чарба машиналарына кызыгып келген.

    Аскерде кызмат өтөгөндөн кийин айдоочу болуп иштеген. И.Арабаев атындагы КМУнун Менеджмент факультетин сырттан аяктаган.

    Эмгек жолунун башталышы

    1995-жылга чейин Төлөгөн айыл чарба жана продукцияны кайра иштетүү менен алектенген «ЭРТ» фирмасынын башкы инженери, 1995-жылдан баштап директор болуп иштеген. Ошол мезгилде ал “Дыйкан плюс” фирмасынын негиздөөчүсү болгон, андан кийин 2010-жылы “Дос ТЖМ” ЖЧКсын негиздеген.

    ПАлгач “Дос” ТЖМ тракторлорду, соколорду, культиваторлорду жана башка шаймандарды оңдогон. Бара-бара ремонтко Кытайда жасалган тракторлор келе баштады. 2014-жылы Төлөгөн Кытайдан запастык бөлүктөрдү, ошондой эле тракторлорду ташып келүү идеясы пайда болду, айрыкча биздин фермерлер жана дыйкан чарбаларында ар кандай модификациядагы шаймандарга туруктуу суроо-талапка ээ.

    Төлөгөндүн турмушунда тракторлорду чыгаруучу ири ишкана тузуу кыялы менен байланышкан тагдырлуу тандоону алдын-ала аныктаган маанилуу этап мына ушундайча башталды.

    Стратегиялык өнөктөштү тандоо

    Төлөгөн Кытайга барып, ал жерде трактор чыгарган 30га жакын заводдо болду. Ал Шанхай шаарында жайгашкан биргелешкен кытай-герман-италиялык компания Deutz-Fahr продукциясын тандап, ал Европага продукция жеткирип турган.

    Ийгиликтүү кызматташуу, топтолгон баалуу тажрыйба «Дос ТЖМ» ЖЧКга Deutz-Fahr компаниясынан тракторлорду куроо үчүн сертификат алууга жардам берди. Андан кийин, компания Топоз брендине Кыргызпатенттен патент алды.

    Жалпысынан 2014-жылдан 2018-жылга чейин компания ар кандай модификациядагы 50 тракторду кураштырган. Сатып алуучуларды 1 жылдык кепилдик жана 5 жылдык пайдалануу мөөнөтү кызыктырды.

    Кыялына жетүү

    Келечектеги чоң пландар, биринчи кезекте өндүрүштүк базаны кеңейтүү, Айыл Банк жана “Кепилдик фонд” ААК менен кызматташууга алып келди, анын аркасында Кант районунда мурунку өндүрүш аянтын сатып алууга мүмкүн болду. 2018-жылдын аягында бул жерге алгачкы 4 трактор чогултулган.

    Төлөгөндүн алдыда чоң пландары бар – конвейерди орнотуу үчүн имарат куруу, соколорду, ар кандай шаймандардын фрезалары үчүн тиштер куюлуучу болот эритүүчү цехтин ачылышы, кузовдорду жана кабиналарды жасоочу цехтерди түзүү жана жабдууларды чогултуу.

    Жалпысынан, өнүгүү стратегиясына ылайык, “ТЖМ” ЖЧКсы 2019-жылдын аягына чейин 50дөн 100гө чейин тракторлорду, ошондой эле ар кандай навес үчүн жабдууларды чыгарат.

    Ишкананын алдында турган дагы бирдей маанилүү стратегиялык милдет электр кыймылдаткычы бар тракторлорду чыгаруу болуп саналат. Бүгүнкү күндө эле ишканага мындай жабдууларды сатып алуу боюнча фермерлерден арыздар келип түшүүдө.

    Учурда командада 14 адам бар, алардын бардыгы жогорку квалификациялуу жана кенен адистер.

    Үй-бүлө

    Лидердин иши жан дили менен берилүүнү талап кылат. Төлөгөн Ибраевдин үй-бүлөсү – жубайы жана эки мектеп окуучу балдары – атасынын жумушунун оордугуна, жумушта кармалып калыша, тез-тез командировкага жана иш сапарларга барышына түшүнүү менен мамлиле кылышат.

    Өз кезегинде, ал үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп, үйдөгү бейпилдик үчүн ыраазычылыгын билдирет. Эркек үчүн бул абдан маанилүү, деп эсептейт Төлөгөн Ибраев.

    ***

    “Кепилдик фонд” ААК ошондой эле, “Дос ТЖМ” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимге ылайык, компаниянын каржыларын башкарууга, өнүгүү стратегиясын, анын ичинде инвестицияларды тартуу жана инвесторлор, донорлор, банк структуралары менен иштөөдө бизнес стратегияларын камтыйт.

    Кочкор районундагы биринчи ири картошка сактоочу жайы

    Кочкор районундагы биринчи ири картошка сактоочу жайы

    «КФ» ААКтын компания-кепилдик алуучулары.

    Жеке ишкер Рахат Ибраев Нарын облусунун Кочкор районундагы туулуп-өскөн Көк-Жар айылында өз колу менен чоң картошка кампасын курду. Бул иш-чара 40 миң тоннадан ашык картошка өндүрүлүп жаткан аймак үчүн маанилүү, анткени мындай сактоочу жай буга чейин болгон эмес.

    Кочкордогу картошкалар жакшы сапаты менен өзгөчөлөнүп тургандыгын бардыгы билет жана туруктуу суроо-талапка ээ. Бирок ошол эле учурда жертөлөлөрдө картошканын 20 пайызы бузулат, ал эми заманбап кампаларда жоготуулар 5 пайызга чейин төмөндөйт дешет адистер. Жазында картошкага суроо-талап жана анын баасы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, мындай кампа куруу бардык жагынан акталмакчы.

    “Кепилдик фонд” ААК ошондой эле картошка сактоочу жайдын курулушуна өз салымын кошту. Чындыгында Рахат Ибраев сактоочу жайдын курулушуна Айыл Банктын жергиликтүү филиалынан 2 миллион сом өлчөмүндөгү кредит алган. Ошол эле учурда, “КФ” ААКтын кепилдик суммасы 1 миллион сомду түзгөн. Мындан тышкары, ишкер Дордой базарындагы контейнеринен, картошка жана бодо мал сатуудан алган 1 миллион сомдук өздүк каражатын инвестициялаган.

    Кочкор районунда 1 октябрда жыйноо иштери башталган үй бакчасынын аймагында курулган сактоочу жай картошканы кабыл алууга даяр. Анын кубаттуулугу 500 тонна. Жыгач поддондор да даяр. Жеке ишкер картошканын түшүмүн сактоодон тышкары, 200 тонна картошка сатып алууну, ошондой эле жердештерден картошканы сатып алууну пландаштырууда. Картошкаларды кылдаттык менен алдын ала сорттоо жана өзгөчө калибрлөө  ири супермаркеттерде жана чекене соода түйүндөрүндө суроо-талаптын жогорулашына шарт түзөт.

    “КФ” ААКтын жетекчиси Малик Абакиров, эгерде келечекте Рахат Ибраев картошка чипсы, картошка пюреси, фри картошканы, крахмалды ишкердин каалоосу боюнча жана суроо-талапка ылайык өндүрө турган кичи кайра иштетүүчү завод курууну пландаштырса, фонд жардам берет деп белгиледи.

    Кочкор районунда болуп, жаңы картошка сактоочу жайды көргөн JICA консультанты Коиширо Йоко бул ишкердик долбоорун келечек үчүн көптөгөн негиздери бар жакшы жана кирешелүү бизнес деп баалады.

    Темирбек МАМАТКАНОВ, “КФ” ААК

     Бишкек-Кочкор- Кок-Джар айылы

    Нарындык «Урмат уз» «Кепилдик фонд» ААКка колдоосу үчүн ыраазы

    Нарындык «Урмат уз» «Кепилдик фонд» ААКка колдоосу үчүн ыраазы

    “Урмат уз” кооперативи мындан 10 жыл мурун Нарын облусунун Нарын районундагы Достук айылынын тургуну Жанылбүбү (Жамбы) Карыбекова жана анын жолдошу, жергиликтүү айыл өкмөттүн мурунку башчысы Жээнбек Мамырканов тарабынан түзүлгөн. Буга чейин Жамбы эже 40 жыл кесиптик окуу жайларында өндүрүштүк окутуунун чебери болуп иштеген.

    Бийлик ар бир айыл өкмөттөрүндө айыл чарба кооперативдерин түзүүгө чакырган мезгилдер болгон. Жалпысынан Достук айылында үч кооператив түзүлгөн. Жубайым экөөбүз жүндөн, кийизден жана булгаарыдан улуттук буюмдарды өндүрүү боюнча кооператив ачтык, – дейт Жээнбек Рыспаевич.

    Аялдар тобун чогултуп ишке кириштик. Кызым дизайнер болгон. Жамбы эженин улуттук буюмдарды жасоо технологиясын терең билүүдөгү көп жылдык тажрыйбасы жана кызынын инновациялык, чыгармачыл көз карашы өзгөчө иштерди жүзөгө ашырган. Жана кол өнөрчүлөр да – чыгармачыл, аткаруучу жана тыкан, эң негизгиси – жооптуу болушкан.

    Фермада койлор болгондуктан, алгач чийки зат тартыш болгон жок. Ишкерлер өздөрү жүндү ийрип жана булгаарыны кайрадан жасап алышчу. Андан кийин, өндүрүштүн кеңейиши менен аларды тараптан сатып ала башташты. Акырындап, Жамбы эже жана Жээнбек байке өз продукцияларын ар кандай көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде көрсөтө башташты, диплом жана сыйлыктарды алышты. Атак-даңкка ээ болуп ар кайсы аймактардан, анын ичинде Бишкектен туруктуу кардарларды жана буйрутма берүүчүлөрдү табышты.

    Өндүрүштү өнүктүрүү жана көбөйтүү үчүн кредит алуу керек болгондо, кооперативге «Кепилдик фонд» ААК баа жеткис жардам көрсөттү. Фонддун кызматкерлери бизнес-план түзүүгө жардам беришип, ошондой эле банкка кепилдик беришкен. Бул үчүн кооперативдин жетекчилери  кепилдик фондуна азыркыга чейин ыраазычылык билдирип келишет. Келечекте буюмдардын линиясын кеңейтүү, чийки зат сатып алууларды көбөйтүү жана продукцияны жайылтуу үчүн «Урмат уз» кредит алууну пландаштырууда жана алар кайрадан «Кепилдик фонд» ААКтын колдоосуна муктаж болушу мүмкүн. Биз аны менен кызматташууга кубанычтабыз», – дешет кооперативде.

    Бүгүнкү күндө “Урмат Уз” кооперативинин Нарын шаарынын борборунда дүкөнү бар, Бишкек жана башка аймактардагы керектөөчүлөр менен активдүү кызматташат. Жакында алар Өзбекстанда өтө турган көргөзмөгө катышууну пландап жатышат.

    Кооперативдин директору Жанылбүбү Карыбекова жана Жээнбек Мамырканов ар кандай мамлекеттик, айымдардын, өкмөттүк эмес, тармактык жана коомдук уюмдардын дипломдору жана ардак грамоталары, сертификат жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев өзү Жамбы эжени 8-март майрамы менен куттуктаган.

    Алар кең ассортименти, улуттук колориттеги кооз, ар түрдүү буюмдарды жасоодо жана иштетүүдө өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен улуттук буюмдар рыногунда өз ордун ээлешти. Өз продукцияларын алар Кыргызстандын борборунда, башка өлкөлөрдө жайылтууну пландаштырууда. Эгерде “Урмат уз” кооперативи колдоого муктаж болсо, анда “КФ” ААК бизнес-планга жардам берүү, кредит алуу жана кепилдик берүү менен ар дайым даяр.

    Темирбек МАМАТКАНОВ,

    «КФ” ААК.

    Бишкек-Нарын, 27 сентябрь