Валюталар курсу:
USD 84,65
EUR 102,7
KZT 0,198
RUB 1,143
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ГАРАНТИЯЛЫК ФОНДДОРУНУН ТҮЗҮЛҮҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ

    2011-жылдан баштап Кыргыз Республикасында кепилдик берүүнүн жаңы финансылык системасы – кепилдик фонддору калыптанып баштады.

    2011-жылдан тартып, Кыргыз Республикасында жаңы финансылык тутум – кепилдик фонддору түптөлө баштады, анын максаты чакан жана орто ишкердик субъекттерине банктан кредит алууда кепилдиктерди берүү болгон.

    Баштапкы этабында регионалдык деңгээлде 4 пилоттук кепилдик фонду түзүлдү, булар – Кара-Балта жана Жалал-Абад шаарларында, андан кийин Каракол шаарында жана Ош областынын Кара-Суу районунун Сарай айылында. Анын түзүүчүлөрү болуп аталган шаарлардын мэриялары жана Сарай айыл өкмөтү саналат. Андан кийин кепилдик фонддору Ош жана Кант шаарларында түзүлүп, алардын саны алтыга жетти.

    Аны менен бирге, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынындагы кепилдик фонддору жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынып, ал Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорунун ишмердүүлүгүнүн укуктук базасын камсыз кылып, кепилдик берүү системасы мыйзам чыгаруу деңгээлинде калыптанды. 2016-жылы КРнын Өкмөтү кепилдик фонддордун 2020-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясын бекитти.

    2013-жылдын 12-декабрында республиканын бардык кепилдик фонддорун бириктирген Ассоциация түзүлгөн.

    2014-жылдын октябрь айынан баштап Кыргыз Республикасынын Кепилдик Фонддорунун Ассоциациясы Европа Бирлигинин Кепилдик Фонддорунун Ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат.

    Муниципалдык кепилдик фонддордун ишмердүүлүгү ишкерлердин бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга, жаңы жумуш орундардын түзүлүшүнө жана иштеп жаткан орундарды колдоого, жергиликтүү бюджеттерге жана Соцфондго төлөм агымдарынын көбөйүшүнө, аймактардын экономикасынын өнүгүүсүнө көмөктөшүүдө.

    Регионалдык кепилдик фонддордун натыйжалуу жана өндүрүмдүү ишмердүүлүгү «Кепилдик фонд» ААКты түзүү жолу менен ЧОИге дагы масштабдуу колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзгөн.

    “Кепилдик фонд” ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июндагы №288-р Буйругу менен түзүлүп, анын капиталы 72 млн. сомду түзгөн. Каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Азия Өнүктүрүү банкынын финансылык колдоосу менен (“Инвестициялык климатты жакшыртуу-2 чакан программа” программасы) капиталга кошумча 3 млн. АКШ доллары багытталды.

    Натыйжада, 2016-жылдын аягында «Кепилдик фонд» ААКтын капиталы 282 млн. сомду түзүп калды. Ошентип фонддун практикалык ишмердүүлүгү башталган.

    2017-жылдын май айында Фонд «Бир район – Бир ишкана» (БРБИ) программасын иштеп чыгып, ишке киргизген.

    2017-жылдын 27-июнунда Фонддун 2017-2022-жылдарга карата өнүгүү стратегиясы бекитилген.

    2017-жылдын 26-декабрында КРнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2018-2020-жылдар аралыгында “КФ” ААКтын уставдык капиталын 3 млрд. сомго жеткирүүнү сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

    2018-жылы АӨБ кепилдик фонддорунун кыргыз моделин ийгиликтүү деп таап, аны Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүндө колдонууга сунуштады. 2019-жылы кыргыз модели боюнча түзүлгөн кепилдик фонду Тажикстанда иштей баштады.

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы №217-р буйругуна ылайык, “КФ” ААКтын уставдык капиталы 300 млн. сомго көбөйтүлүп, 582 млн. сомду түздү.

    “Кепилдик фонд” ААК өз күчү менен бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулуктун принциптерин ФОЭС-9га ылайык иштеп чыккан жана ишке ашырган. Бул фонддун заманбап финансы инструменттерин колдонууда финансы институту катары алдыга койгон чоң кадамы.

    Акционерлердин жалпы чогулушунун 2018-жылдын 6-ноябрындагы чечими менен «КФ» ААК түзүмүндө көзөмөлдөөчү орган – Директорлор кеңеши түзүлгөн.

    2018-жылдын декабрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичинде “Кепилдик фонд” ААКтын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлүп жаткан “Кепилдик фонд” ААКтын ачык-айкын жана натыйжалуу иш-аракеттери тастыкталды. Ал коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык келет.

    2018-жылдын 5-декабрында “КФ” ААКтын Директорлор Кеңеши 2019-2023-жылдарга Өнүгүү Стратегиясын бекитти.

    2019-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду, ага ылайык Улуттук банк Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт.

    2019-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду, ага ылайык, башка финансы-кредит мекемелери менен катар, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 207-беренесине ылайык, түзүлгөн ЧОЖКнын (РППУ) суммасынан жылдык жалпы кирешеден чегерүүлөр алынат.

    Кепилдик фонддору жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө киргенден тартып Улуттук банк фондду 2019-2020-жылдары туруктуу капиталдаштырды. Улуттук банктын эсебинен уставдык капитал 4,132 млрд сомго чейин көбөйгөн.