Валюталар курсу:
USD 84,65
EUR 102,7
KZT 0,198
RUB 1,143
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    КУУ ЖАНА КЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН “КЕПИЛДИК ФОНД” ЖАНА КЕПИЛДИКТЕР ЖӨНҮНДӨ ЛЕКЦИЯ

    КУУ ЖАНА КЭУНУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН “КЕПИЛДИК ФОНД” ЖАНА КЕПИЛДИКТЕР ЖӨНҮНДӨ ЛЕКЦИЯ

    Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында.

    2021-жылдын 24-25-мартында өлкөдө белгиленип жаткан “Дүйнөлүк акча жумалыгынын” алкагында Кыргыз Улуттук жана Кыргыз экономикалык университеттеринде “Кепилдик фонд чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүнүн куралы” деген темада лекциялар өткөрүлдү. Лектор “Кепилдик фонд” ААКтын Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, экономика илимдеринин кандидаты Абдил Таширов болду.

    Лекцияга окутуучулар жана жогорку курстун студенттери катышышты. Катышуучулардын жалпы саны 120дан ашуун адамды түздү.

    Абдил Таширов студенттерге фонддун түзүлүү тарыхы, ишкерликти кепилдик колдоо боюнча жетишилген көрсөткүчтөр жөнүндө айтып берди. Ал “КФ” ААКтын өлкөнүн экономикасынын динамикалуу жана туруктуу өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын белгиледи. Кепилдиктердин аркасында артыкчылыктуу тармактарда – айыл чарбасында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, өнөр жай өндүрүшүндө бизнес жүргүзгөн ишкерлер керектүү көлөмдөгү кредиттерди ала алышты жана бизнес-долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашырууда, жумушчу орундарды түзүштү, ошондой эле продукция чыгарышууда, анын ичинде экспортко да алып чыгышты.

    Андан кийин салттуу пикир алмашуу болуп, студенттер кызыккан суроолорун беришип, лектордон кеңири жоопторду алышты. Абдил Таширов эң активдүү студенттерге “Кепилдик фонд” ААКтын символдору коюлган сувенирлерди тапшырды.

    Лекциялардын соңунда Кыргыз экономикалык университетинин Банк иши жана камсыздандыруу кафедрасынын башчысы Гүлназ Абдукадырова, ошондой эле Кыргыз улуттук университетинин деканынын орун басары Жылдыз Койчиева Абдил Ташировго ишкердикти колдоо үчүн жаңы финансылык инструмент – кепилдиктерди киргизип жаткан “Кепилдик фонд” ААК жөнүндө тааныштыруу лекциясы үчүн окутуучулардын жана студенттердин атынан ыраазычылыктарын билдиришти.