Валюталар курсу:
USD 84,80
EUR 102,1
KZT 0,202
RUB 1,149
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    “МИЛЛИАР КЕПИЛДИКТЕР!” АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

    “МИЛЛИАР КЕПИЛДИКТЕР!” АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

    “КФ” ААКтын акциясынын жыйынтыгы

    2020-жылдын 28-декабрында «Кепилдик фонд» ААКтын кеңсесинде 2020-жылдын 1-октябрынан 15-декабрына чейин өткөрүлгөн «Миллиард кепилдиктер!» стимулдаштыруу акциясынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

    Сыйлык тапшыруу аземин “Кепилдик фонд” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров ачты.

    Фонддун башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө, банк мекемелеринин өкүлдөрүнө өлкөнүн чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүү жаатында кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

    Аяктаган акциянын жыйынтыгында алдыңкы үч орунду ээлеген жеңүүчүлөргө сыналгылар, уюлдук телефондор жана көп функционалдуу сааттар тапшырылды.

    Эң мыкты банк жана мыкты филиал номинациялары боюнча жеңүүчүлөр сувенирлер менен сыйланды.

    Ошентип, “Кыргызстан Коммерциялык банк” ААК мыкты банк болуп, “Азия Банк” ЖАКтын Бишкектеги “Киевская” филиалы, Жалал-Абад жана Балыкчы филиалдары, “Ош башкы дирекциясы”, “Кыргызстан Коммерциялык банк” ААКтын Нарын жана Талас филиалдары, “РСК Банк” ААКтын «Ырыскы» филиалы аталды.