Валюталар курсу:
USD 84,65
EUR 102,7
KZT 0,198
RUB 1,143
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    2020-жылдын март айында коммерциялык банктардын активдери 263 миллиард сомду түзгөн, – Улуттук банк

    2020-жылдын март айында коммерциялык банктардын активдери 263 миллиард сомду түзгөн. Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бириктирилген регулятивдик отчетунда келтирилген. Аталган отчет Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарыяланган.

    Февраль айында коммерциялык банктардын активдери 250,7 млрд сомду, январь айында 250,7 млрд сомду түзгөн.

      2020  
    Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бириктирилген регулятивдик отчету, млн. сом 01 02 03
    АКТИВДЕР
    Акча каражаты 17 488,4 17 198,5 17 442,2
    Улуттук банкта корреспонденттик эсеп 12 341,1 13 380,4 13 057,5
    Башка банктардагы корреспонденттик эсептер 9 870,2 10 964,3 15 456,7
    Башка банктардагы аманаттар 14 428,9 16 094,6 18 649,5
    Баалуу кагаздар портфели 26 656,6 26 943,9 20 935,8
    РЕПО келишимдери боюнча сатып алынган баалуу кагаздар 368,3 290,2 442,8
    «Таза» кредиттер жана каржылык ижаралар 136 498,4 136 186,3 143 255,6
    Кредиттер жана финансы-кредиттик мекемелерге финансылык ижара /1 1 776,1 1 750,7 1 755,5
    Кредиттер жана кардарларга финансылык ижара/2 145 780,9 145 305,3 153 748,7
    (минус) Кредиттер боюнча жана финансылык ижара боюнча атайын РППУ -11 058,6 -10 869,7 -12 248,5
    Негизги каражаттар 13 852,3 14 476,9 14 673,1
    Инвестициялар жана финансылык катышуу 407,9 413,8 479,2
    Башка активдер 18 807,2 14 711,3 18 654,7
    ЖАЛПЫ: АКТИВДЕР 250 719,2 250 660,2 263 047,0

    Эскертүү: 2012-жылга чейин ар кандай отчет структурасы колдонулган, ал 2012-жылга чейин Улуттук банктын бюллетенинде басылып чыккан.

    1 / банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге резиденттерге жана резидент эместерге берилген кредиттерди камтыйт.

    2 / юридикалык жана жеке жактарга резиденттерге жана резидент эместерге берилген  кредиттерди камтыйт

    www.tazabek.kg

    ЕЭК Министри А. Кишкембаев: ЕАЭБ мамлекеттеринин Комиссиясы жана өкмөттөрү пандемия шартында ишкерлерди колдоо боюнча макулдашылган чаралар жөнүндө документтерди иштеп чыгышты

    ЕЭК Министри А. Кишкембаев: ЕАЭБ мамлекеттеринин Комиссиясы жана өкмөттөрү пандемия шартында ишкерлерди колдоо боюнча макулдашылган чаралар жөнүндө документтерди иштеп чыгышты

    Москвада өткөн “Ишкердиктин трансформациясы: жаңы технологиялар, эффективдүүлүк, перспективалар” VIII Эл аралык илимий конгрессте Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана финансы саясаты боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министрдин) катчылыгынын башчысы Аскар Кишкембаев коронавирус пандемиясынын өнүгүү шартында экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган Союздун алкагында көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ушул маселе боюнча Союздун жана мүчө мамлекеттердин кабыл алган актыларына токтолуп айтып берди.  Мындай маалымат 25-майда ECE сайтында жарыяланган.

    “Кабыл алынган чечимдер ЕАЭБ аймагындагы экономикалык абалды турукташтырууга жардам бербестен, Союз өлкөлөрүнүн калкы үчүн да маанилүү ролду ойнойт”, – деп баса белгиледи А. Кишкембаев.

    Комиссиянын өкүлү ошондой эле, “убактылуу чектөөлөр киргизилген өлкөлөрдүн шартында, эмгек миграциясында жүргөн жарандар калктын эң аялуу катмарлары категориясына кирди. Ушуга байланыштуу Комиссия Союз өлкөлөрү менен биргеликте 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын алкагында ишке ашырылышы пландаштырылган саламаттыкты сактоо жана жугуштуу оорулардын жайылышына каршы күрөшүү жаатында кызматташуу боюнча чараларды иштеп чыгууда. Мындан тышкары, тараптар менен пандемияга чалдыккан жарандарды социалдык жана медициналык жактан колдоо тутумун түзүү маселесин талкуулоо пландаштырылууда”, – деп билдирди.

    Ошондой эле, А. Кишкембаев Евразиялык өнүктүрүү банкынын жана Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун пандемияга каршы Союздун ичинде экономикалык туруктуулукту жана каржылык колдоону камсыз кылууга багытталган кризиске каршы жана стабилдештирүүчү кечиктирилгис чараларды иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда ролун күчөтүү маселесин изилдөө керектигин белгиледи.

    Комиссия Союз өлкөлөрүнүн кызыкдар мамлекеттик органдары менен биргеликте интернет-соода чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуучу мамилелерди издөө жана өркүндөтүү үстүндө иштеп жатат. “Тышкы сооданын бул жаңы сегменти жаңы, ар тараптуу укуктук жөнгө салууну талап кылат”, – деди А. Кишкембаев.

    Сөзүнүн аягында А. Кишкембаев илимий конгресстин катышуучуларына Комиссия ушул жайда ачууну пландаштырган евразиялык интеграция боюнча онлайн курсу жөнүндө маалымат берди.

    Илимий конгресс Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университети тарабынан уюштурулган. Ага орусиялык жана чет өлкөлүк окумуштуулар, бизнес коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана муниципалдык бийликтердин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.