Валюталар курсу:
USD 84,65
EUR 102,7
KZT 0,198
RUB 1,143
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    Президент коронавируска байланыштуу салыкты кечеңдетүү боюнча кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду

    Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

    Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 1-апрелде кабыл алынгандыгы көрсөтүлгөн. Пакетте Салык кодексине жана Бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.

    1-апрелден 1-октябрга чейин салык төлөөчүлөр бир жылдан ашык эмес мөөнөткө банктык кепилдик документтерин бербестен, ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу кырдаалдардан келип чыккан салык карызынын суммасы жөнүндө кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз бере алышат. ЕАЭБден товарларды импорттоодо Кыргыз Республикасынын аймагына кыйыр салыктар боюнча салык отчетун кошпогондо, салык отчетун берүүнүн мөөнөтү ишкердик субъекттери үчүн 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылышы сунушталат.

    Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу кырдаалдын кесепетинен март-июнь айларында салык төлөөчү салык милдеттенмелерин аткара албаса, салык санкцияларын жана туум колдонбоону депутаттар сунушташат.

    Мындан тышкары, жеке адамдар жана жеке ишкерлер тарабынан 2019-жылга Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин белгиленет.

    Мыйзам 1-апрелде күчүнө кирет.

    www.24.kg