Валюталар курсу:
USD 84,80
EUR 102,3
KZT 0,201
RUB 1,153
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    ОРУСИЯГА КЫРГЫЗСТАНДАН ӨНДҮРҮЛГӨН РЕЗИНА БУТ КИЙИМДЕРИ ЭКСПОРТТОЛО БАШТАДЫ

    ОРУСИЯГА КЫРГЫЗСТАНДАН ӨНДҮРҮЛГӨН РЕЗИНА БУТ КИЙИМДЕРИ ЭКСПОРТТОЛО БАШТАДЫ

    Жеке ишкер Маматкул Кенжебаев Орусияга 1000 жуп аялдардын бут кийимин жөнөтүү менен экспорттоого алгачкы продукциясын жөнөттү. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКтын кызматкерлерине ишкананын башчысы Кенжебаев Маматкул Турдубаевич айтып берди.

    Бул өндүрүш 2019-жылдын февраль айында “КФ” ААКтын кепилдик колдоосу алдында ачылган. Ишкердин “КФ” ААКтын өнөктөш-банктары – “Кыргызстан” КБ, кийин КИКБден алынган кредиттер жана фонддон алынган кепилдиктин жардамы менен 3 советтик жана италиялык өндүрүүчү өнөр-жай станогу (“Точлитмаш”) сатып алынган.

    Маматкул Кенжебаевдин айтымында, жабдууларды сыноо убактысы ийгиликтүү өттү. Бут кийимдердин жаңы партиясы чыгарылды. Мындан кийин бут кийимдерди стабилдүү өндүрүү процесси башталып – даяр продуктуларын чыгарууга чейин ПВХ жана ЭВА менен гранулдарын толтурушат.

    Бүгүнкү күндө  ассортиментте – эркектердин, аялдардын жана балдардын резина өтүктөрү, анын ичинде жылууланган, калош жана боты бар.