Валюталар курсу:
USD 84,79
EUR 103,2
KZT 0,201
RUB 1,132
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    Региондорду колдоо

    “Кепилдик фонд” ААК бардык региондордогу ишкерлерге кредит алуу үчүн 1504 кепилдик берди. Бул бүтүндөй 2019-жылга караганда 558 кепилдикке көбүрөөк. 1504 кепилдиктин суммасы 789 млн сомду түздү. Кепилдик алдындагы кредиттин суммасы 3 млрд 118 млн сомду түздү.

    Жалпысынан ишмердүүлүк башталгандан ушул күнгө чейин 2 млрд 465 млн сом суммасына 3106 кепилдик бекитилген. Кредиттин көлөмү 8 млрд 775 млн сомго жетти.

    Суук түшкөнүнө карабастан, бизнес өнүгүү темпин басаңдаткан жок, тынымсыз иштеп, өзүнүн өндүрүштүк маселелерин чечип жатат. Зарыл болгон учурда банк кредиттерин колдонот, анын ичинде “Кепилдик фонд” ААКтын кепилдик колдоосун пайдалануу менен.

    Мисалы, ноябрь айынын экинчи декадасында, ишкерлер Жалал-Абад областында алынган кредиттин каражаттарын тейлөө чөйрөсүндө жаңы бизнес ачууга, Чүй областында – канаттуулар фабрикасын курууга, Ош шаарында – өнөр жай жабдууларын сатып алууга, Бишкекте – текстиль өндүрүшүндө, Ысык-Көл областында – туризм тармагында эс алуу жана спорт үчүн товарларды ижарага берүүнү уюштуруу үчүн негизги каражаттарды сатып алууга ж.б. багытташты.