Валюталар курсу:
USD 73,76
EUR 82,01
KZT 0,179
RUB 1,042
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    КЕПИЛДИК ФОНД – КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЖАҢЫ КӨРҮНҮШ

    Эксперттин пикири.

    Ы. Абдурасулов, проф., айыл чарба илимдеринини доктору, “Кыргыз-Эт” Ассоциациясынын президенти

    “Кепилдик фонд” Ачык акционердик коому  Кыргызстандын экономикалык чөйрөсүндө жаңы кубулуш болуп калды. Башында көпчүлүгү, бизнес чөйрөсүндөгүлөр да, мамлекеттик бийлик органдагылар да “КФ” ААКтын ийгиликтүү иштеп алып кетишине ишенген эмес. Бирок ал түзүлдү, иш алып кетти жана ал жыл сайын жүгүртүү топтоп иштей баштады.

    “КФ” ААКтын негизги тапшырмасы болуп, белгилүү болгондой, банктык кредиттин керектүү суммасын алууда ишкерлердин күрөөсүнүн бөлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө анын кызматтары менен көп сандаган ишкерлер колдонууда жана алардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. “КФ” ААК Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө жакшы түрткү берди. “КФ” ААКтын негиздөөчүсү жана жетекчиси Малик Абакировго баа бериш керек, ал кыска мөөнөт ичинде аны ийгиликтүү жана эффективдүү өлкөнүн экономикалык структурасынын бири кыла алды.

    “КФ” ААКтын жетекчилиги бир орунда турбастан, өлкөнүн ишкерлери, фермерлери үчүн банк тутуму, мамлекеттик тутум, ишкерлер менен биргеликте бардык жаңы продуктулардын сызыгын иштеп чыгып, сунуштап жатышат. Бүгүнкү күндө “КФ” ААК өнөр жай, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана өлкөнүн экономикасынын башка тармактарында ири бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууда жана ишке ашырууда.

    Мисал катары “КФ” ААК тарабынан иштелип чыккан Кыргызстанда интенсивдүү кой чарбачылыкты өнүктүрүү долбоорун келтирсек болот. Мал чарбачылыгы Кыргызстандын бүткүл экономикасынын  алдыңкы тармактарынан болуп эсептелет. Мал чарбачылыгынын киреше алып келчү тармагы – бул эт тармагы. Айыл чарбасынын дүң продуктусунда каражат жагынан эт тармагынын үлүшү 35% – үчтөн биринен көп туура келет.

    Бул долбоорду ишке ашыруу күчтүү мультипликативдик эффектке ээ болот, он миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөт, кайра иштетүү өнөр жайы өнүгөт, тармактын экспорттук деңгээли жогорулайт жана жалпысынан эле бүткүл өлкө (бүгүнкү күндө Кыргызстанда жогорку сапаттагы жана экологиялык таза тамак-аш продукциясы өндүрүлүп жатканын, өлкөнүн брендине айланып жатканын, күн сайын талап өсүп жатканын бүткүл дүйнө жүзү билет).

    Айрыкча айыл коомчулуктарынын, анын ичинде мал чарбачылыгы негизги киреше табуу жана алектенүүнүн жалгыз түрү болуп саналган өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында киреше жогорулайт, мигранттар кайтып келет. Комплекстүү планда бул региондорду өнүктүрүү боюнча Президенттин Жарлыгы ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн негизги болуп калат.

    “КФ” ААКты квалификациялуу, заманбап жана билимдүү адамдар иштешет. Бүгүнку күндө алар бир гана төмөнкү пайыздык күрөөнүн финансылык каражаты менен бизнес чөйрөнү камсыздабастан, өлкөнүн бизнес-чөйрөсү үчүн бүткүл комплексин – окутуу, консультация берүү, бизнес-долбоорлорду түзүүгө жардам берүү жана аны коштоо кызматтарын көрсөтөт.

    “Кепилдик фонд” ААКтын кызматтарынын маанилүүлүгү, өлкөнүн бардык региондорунда жеткиликтүүлүгү. Бул үчүн регионалдык өкүлчүлүктөр ачылган, Нарын жана Ош областтарында филиалдары бар. Бул “КФ” ААКтын ишкерлерди камтууну кеңейтет, жеринен аларга ар кандай колдоо көрсөтүүнү берет.

    «Гарантиялык фонддун» ишмердүүлүгү региондордун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп келет

    Эксперттик пикир.

    Шамиль Борончиев, Кыргыз өнөр жайчылардын жана ишкерлердин уюмунун аткаруучу вице-президенти

     Гарантиялык фонд» ААК жана Кыргыз өнөр жайчылардын жана ишкерлердин уюмунун активдүү өз ара аракеттенүүсү 2017-жылдын май айында бекитилген Кызматташуу жөнүндөгү меморандумга негизделет.

    Бул Меморандумдун негизги максаты Кыргыз Республикасынын экономикасын жана өнөр жайын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу, алардын ичинде Евразиялык экономикалык уюмга катышуудан келип чыккандарын эске алуу менен.

    Кыргыз өнөр жайчылардын жана ишкерлердин уюму өзүнүн ишмердүүлүгүндө негизги көңүлүн экономиканын реалдуу секторуна, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду өнөр жай ишканалар үчүн тартууга бөлөт. Ошон үчүн биздин иштин башкы багыттарынын бири бул чарба жүргүзүүчү субъекттердин финансылык каражаттарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.

    «Гарантиялык фондду» алсак, ал өнөр жайлык жана башка ишканалардын финансыларга жеткиликтүүлүгүнө олуттуу көмөк көрсөтүп келет, атап айтканда банктык кредиттерди алганда гарантия берүү жолу менен. Практикада, күрөөнүн жетишсиздиги өнөр жайчылар жана ишкерлер үчүн кредит алганга тоскоолдук жаратат.

    Гарантия берүүдөн тышкары «Гарантиялык фонд» ишкерлерге консультациялык колдоо көрсөтөт, бизнес-пландарды иштеп чыгууда жардамдашат, бүт региондордо ишкерлер жана банк кызматкерлер үчүн семинарларды өткөрөт.

    Бүгүнкү күндө «Гарантиялык фонд» ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатууга, жергиликтүү бюджеттерге каражаттардын келип түшүүсүнө көмөктөшүү аркылуу региондордун жана жалпы экономиканын өнүгүүсүнө, ИДПнин калыптануусуна олуттуу салым кошуп келет. Ошондой эле «Гарантиялык фонд» ААКтын маанилүү жетишкендиги деп ишканаларды гарантиялык колдоодо, перспективалуу жана натыйжалуу «Бир район – бир ишкана» программасын ишке ашырууда жумуш орундардын түзүлүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн, миграциянын кыскартылышын жана жакырчылыктын төмөндөшүн айтуу абзел.

    Кыргызстанда Бизнес-омбудсмендин институту пайда болушу мүмкүн

    Эксперттик пикир.

    “Бизнестин кызыкчылыктарын максаттуу жана өз убагында коргоо үчүн бизнес-омбудсмендердин институтун киргизүү пландаштырылып жатат” деп айтты Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үстүбүздөгү жылдын 28-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги отурумунда сүйлөп жатып.

    Кыргызстанда бизнес-омбудсмендер институтунун пайда болуу мүмкүнчүлүгү туурасында КР Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти, “Гарантиялык фонд” ААКтын Консультативдик кеңешинин мүчөсү Гульнара Ускенбаевага суроо салып кайрылдык.

    “Бул институтун зарылдыгы биздин мамлекетте толугу менен бышып жетилди, – дейт Гульнара Тураровна, – чакан жана орто ишкердик (ЧОИ), өзгөчө аймактардагы ЧОИ коргоого муктаж болуп турат. Өзгөчө бул ишкерлерди айрым мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрү тиешелүү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, “инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү, ишкерлер эртеңки күнгө, өзүнүн жеке коопсуздугуна жана бизнесинин кол тийбестигине ишеним артканда гана, ал эми мамлекеттик органдар мамлекеттеги ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн максималдуу шарт түзүп берген учурда гана мүмкүн” экенин айтты.

    Бүгүн ишкерлердин жана бизнес-коомчулуктардын баары ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо, алардын ийгиликтүү өнүгүп кетишине жолтоо болуп жаткан ар кандай бюрократиялык бут тосууларды четтетүү боюнча конкреттүү чараларды күтүп жатышат.

    ЧОИ үчүн салык отчеттуулугун жакшыртуу жана жеңилдетүү, бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара мамилелерин электрондук форматка өткөрүү, ишкерлерге административдик басымды төмөндөтүү зарыл. Ошондуктан, биз, бизнес коомчулук, Кыргызстанда бизнес-омбудсмен институтунун түзүү идеясын кош колдоп колдойбуз”.

    Маалымат: Интернеттеги маалыматтар боюнча азыркы учурда бизнес-омбудсмен институту жүздөн ашык өлкөлөрдө түзүлгөн. Ар кайсы мамлекеттерде бизнес-омбудсмендер ар кандай аталыштарга ээ жана өз ыйгарым укуктарынын көлөмү, мамлекеттик органдардын системасында орду жана ролу боюнча айырмаланып турушат. Айрым мамлекеттерде мамлекеттик органдарга карата ишкерлердин жана бизнестин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктар адам укугу боюнча омбудсмендерге берилген. Кээде өзү жөнгө салынуучу (көз карандысыз) бизнес-омбудсмендер биримдиктердин, ишкерлер курамдарынын ассоциацияларынын же соода-өнөр жай палаталарынын базасында иш алып барышат (Испания, Австрия). Бирок, көпчүлүк мамлекеттерде ишкерлердин укугу боюнча омбудсмендер өз алдынча, көз карандысыз мамлекеттик органдардын (кызмат адамдары) статусунда иш алып барат.

    Францияда омбудсмен институту Медиатор, башкача айтканда ортомчу аталышына ээ. Медиатор укук жана эркиндиктердин коргоочусу катарында чыкпайт, ал мамлекеттик органды өз аракетин же аракетсиздигин кайра карап чыгууга демилге берип турат. Франциядагы Медиатор Экономика, финансы жана өнөр жай министрлигинин курамдык бөлүгү болуп саналат. Медиатор ишкерлердин нааразылыктарын карап чыгат, анын жыйынтыктары боюнча министрликтин тиешелүү курамдык бөлүктөрүнүн ишин жакшыртууга багытталган сунуштарын чыгарат.

    АКШда бизнес-омбудсмен институту Чакан бизнес иштери боюнча администрациянын бир бөлүгү болуп саналат (SBA). Улуттук омбудсменди SBAнын башчысы дайындайт жана бул администрациянын кызмат адамы болуп саналат. АКШнын улуттук омбудсмен институтунун айырмалоочу белгиси болуп, ал жалгыз гана чакан бизнестин иштери менен алектенгендиги болуп саналат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү болуп, офистердин аймактын тармагынын жана “чакан бизнесте акыйкат укук колдонуу боюнча кеңеш” деп расмий аталган өкүлчүлүктүн болушу саналат.

    Мындан сырткары, башка мамлекеттердин практикасынан айырмаланып, АКШнын улуттук омбудсмени тараптарга сунуштары менен ишти кароону аяктап койбойт. Мунун ордуна ишти кароо, эреже болгондой мамлекеттик органдын арыз ээсине түз жообу менен аяктайт, ал эми омбудсмен “бизнес-жактоочунун” ролунда чыгат, анын максаты маселе тиешелүү деңгээлде каралышына, жана бул учурда мыйзамдуулук жана акыйкаттуулуктун принциптеринин кармалышына багытталган.

    Грузияда бизнес-омбудсмен институту салык омбудсмени деген аталышка ээ. Бул институт салык реформасынын аркасында пайда болгон жана 2011-жылы Салык кодекси тарабынан түзүлгөн. Мыйзамда, омбудсмендин милдеттери болуп салык төлөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көзөмөл жүргүзүү, укуктардын бузулушун табуу жана аларды кайра калыбына келтирүүгө көмөк көргөзүү болуп саналат. Грузиядагы омбудсмен институтунун өзгөчөлүгү мына ушунда турат, ал бир гана салык төлөө тармагындагы проблемаларды чечет жана бизнестин калган проблемаларын жөнгө салуу менен алектенбейт.

    Келтирилген мисалдардан көрүнүп тургандай, бизнес-омбудсмендердин негизги функционалдуу милдеттери ишкерлердин арыздарын кароо, мамлекеттик органдарга корутундуларды жана сунуштарды жиберүү менен байланышкан. Айрым бизнес-омбудсмендерде мыйзам чыгаруу демилгесин берүү укугу бар, башкача айтканда, алар мыйзам жаратуучу органга бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу максатында колдонуудагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө укуктуу (Швеция). Башкаларда болсо, мындай укук каралган эмес, бирок алар мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуш менен чыга алышат (Улуу Британия, Франция).

    Белгилей кетүү керек, бардык мамлекеттерде бизнес-омбудсмендер арыз ээси бул талаш маселесин тиешелүү мамлекеттик орган менен чечүүгө аракет кылгандан кийин жана бул аракет канааттандыраарлык натыйжага алып келбегенден кийин гана арыздарды кароого алат.

    “Гарантиялык фонд” ААК – ишкерлердин ишенимдүү өнөктөшү

    ЭКСПЕРТТИН ПИКИРИ.

    АБДЫБАЛЫ тегин Суеркул, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти

    шартында кайсы бир идеяны реалдуу турмуштун шарттарына туура келе тургандай иштеп чыгып, рыноктун жана коомдук турмуштун талаптарын шайкеш келтирип, алардын негизинде элге дагы, ишкерликке дагы алгылыктуу механизмди иштеп чыгуу өтө эле оор маселелерден. Ал эми аны мамлекеттик деңгээлде мыйзамдарда тиешелүү жоболорун кабыл алдырып, кабыл алынган жоболордун негизинде керектүү институттарды түзүп, ал үчүн Президентти, Премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, алардын ичинде айрыкча финансы министрлигин ишендирүү, мамлекеттин бюджетинен керектүү суммадагы каражаттарды бөлдүрүп, эффективдүү колдонуу менен, биринчи эле жылында пайда менен жылын аяктоо Кыргызстандын шартындагы өтө сейрек кездешүүсү окуялар.

    Аларга кошумча Кыргызстандын донорлордон көзкарандылыгын эске алганда, тиешелүү донорлор менен тыгыз иштешип, алардан дагы кошумча каражаттарды тартуу менен бүтүндөй финансы системасында жаңы багытты, өзүнчө эле, азырынча анчейин баалана элек, бир жок инфраструктураны иштетип кетүү өтө зор ийгиликтердин бири. Азыркы турмушубуздагы оош-кыйыштардын көптүгүнөн улам, элибизде мамлекеттик түзүмдөр жөнүндө сөз болгондо “ээ баягысы, баягы да” дегендей айла жоктон кейигендей көз караштын шартында, бүтүндөй бир жаңы системанын ийгиликтүү иштеп кетиши биз үчүн, эл үчүн чоң жаңылык.

    Биз бүгүн финансы системасындагы ошондой чоң жаңылыктын бири жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Ал гарантия берүү системасы жөнүндө. 20-25 жыл илгери идея катары жаралып, бирок эч бир мамлекеттик кызмат адамдары же министрлер тарабынан колдоо таппай туруп калган кепилдик системасын өнүктүрүү, акыры келип ошондой демилгечисине, жигердүү дем берүүчүсүнө, аягында ал кишини лидер деп таанууга алып келди турмушта. Бул киши жашоодо өзүн өтө жупуну алып жүргөн, көздөгөн максатына жетүүдө кыргыз айткандай “арканды алыс ыргыткан” кыргыздын белгилүү жигиттеринин бири Абакиров Малик-Айдар Барктабасович.

    Банкчылык ишкерлигинде өтө маанилүү ишкерликке керектүү нерсе – бул банктар берип жаткан насыялардын жеткиликтүүлүгү. Насыянын негизги төркүнү андагы эки тараптын бири-бирине болгон ишенимине негизделет. Банктардын насыя алуучуларга болгон ишеними жетишпей калганда банктар кошумча кепилдик берүүчү жолдорду колдонушат. Ошонун негизи катары күрөө мүлкүн кошумча камсыздоо катары коюудан турат. Тилекке каршы баардык эле насыя алуучулардын тиешелүү деңгээлдеги күрөөсү боло бербейт. Ошондон карыз алуучулар дайыма запкы тартып келет. Мына ошондой учурларда жардамга келүүчүлөр булар кошумча кепилдик, гарантия берүүчүлөр.

    Ишкердин кепилдик бере ала турган тарабы болбой калганда, демейде андай ишкер идеясы канчалык укмуш болсо да, бизнес-планында баарысы далилденип турса да, банктын андай ишкерге насыя берүүсү күмөн болот жана өтө сейрек учурларда гана банктар насыя беришет. Ал эми Кыргызстандын шарттарында, мындай учурларга насыя берүүлөр жокко эсе. Мына ушул кемтикти толуктоо үчүн мамлекеттик гарантия берүү системасын башынан аягына чейин иштеп чыгып, турмушта

    Ойлогон тилек ишке ашып, 2016-жылы тиешелүү мыйзамы бекитилип, андан бери алгылыктуу гарантиялык системасын турмушта ишке ашыруу менен жигердүү иштеп жаткан Кыргызстандын гарантия берүү системасы Борбор Азия регионунда алгылыктуу тажрыйба катары дүйнөдө тааныла баштады. Аз убакыттын ичинде миңдеген насыяга муктаж тараптарга жол ачып, колдоо көрсөтүп, кепилдиги болбосо, ишкерлигин уланта албай тургандарга жандоочу, колдоочу болуп кызмат кылганы, кыргыздын “жандоочу кийик аттырат” деген макалына толук туура келип жатат. Бир жагынан банктарга жандоочу болуп, алардагы насыя алуучуларга болгон ишенимдерин арттырып жатса, экинчи жагынан насыя алуучуларга жандоочу болуп, аларга банктардын насыяларына жол ачып берип жатканы ишенимдүүлүктү бүтүндөй экономикада орношуна жана жайылтышына түрткү болууда.
    колдонуп, алынган тажрыйбанын негизинде биринчиден донорлорду көндүрүп, алар аркылуу муниципалдык деңгээлде гарантия берүү системасын жайылтып, андан кийин өкмөттүк деңгээлде тиешелүү министрликтердин, органдардын макулдугуна жетишип, донорлордун жардамы менен дүйнөлүк алдыңкы ыкмаларга жана тажрыйбага негизделген системаны мыйзам түрүндө кабыл алдырууга түздөн-түз катышып ишке ашырган Абакиров Маликтин таза эмгеги десек болот.

    Бир караганда негизги эместей туюлган менен, чындыгында ишенимди арттыруучу системанын өзөгүн түптөп жатканы бүтүндөй экономика үчүн маанилүү. Айыл-чарба өндүрүшүн жана майда-барат продукцияларды өндүрүүчүлөрдөн башталса да, бара-бара башка секторлорга жайылтылып, айрыкча экспортерлорду колдоо жагына ыкташы бул системанын ички эле экономика эмес, сырткы рынокторго жол ачуу жагындагы келечегин арттырып жатат. Бул жаатта коммерциялык банктар эле эмес, мамлекеттик министрликтер жана Улуттук банк дагы бул багыттагы аракеттерди колдойт деген үмүттөбүз. Экономикадагы өндүрүүчүлөрдү, алардын ичинде айрыкча экспортерлорду колдоо Улуттук банктын бирден бир келечек стратегиялык багыты болуп калаарына ишенебиз, ага ылайык акча саясатынын механизмдери дагы күчөтүлүп, гарантиялык системасын колдоо колго алынат деген ишенимдебиз.

    Бул жааттагы иштерине жигердүүлүктү тиленип, “Гарантиялык фонд” ААКтын жана гарантиялык системасына катышкан баардык банктардын жана институттардын аракеттерине ишеним артуу менен ийгилик каалайбыз.