Валюталар курсу:
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    Президент Сооронбай Жээнбеков: Келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык технологияларды кеңири колдонгон, инвестициялар үчүн ыңгайлуу экономиканы түзүшүбүз керек

    Президент Сооронбай Жээнбеков: Келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык технологияларды кеңири колдонгон, инвестициялар үчүн ыңгайлуу экономиканы түзүшүбүз керек

    Келечекте биз атаандаштыкка жөндөмдүү, инновациялык технологияларды кеңири колдонгон, инвестициялар үчүн ыңгайлуу экономиканы түзүшүбүз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

    Мамлекет башчысы бизнесмендерди алдыда келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ден-соолук, ийгиликтерди жана бакубатчылык каалады.

    «Бүгүнкү биздин жолугушуунун эң башкы максаты — өлкө экономикасынын жана ишкерликтин абалы, бышып жетилген курч көйгөлөр жөнүндө ийри олтуруп, түз кеңешүү. Экономиканы мындан ары өнүктүрүү үчүн бизнес чөйрөсү эмнени көздөйт жана аларды колдоо үчүн бийлик бутактарынан эмне талап кылынат деген суроолорду талкуулоо», -деп баса белгиледи Президент.

    Ошону менен бирге ишкерлерге тоскоол болуп жаткан жагдайларды жоюу боюнча иш жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Алсак:

    — жаӊы түзүлгөн бизнести текшерүүгө 3 жылга мораторий киргизилди;

    — салык процедурасын фискализациялоо системасы киргизилүүдө;

    — технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду;

    — тигүү тармагындагы жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлдү;

    — ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында бизнести тейлөө борборлорун түзүүлүүдө;

    — Гарантиялык фонд түзүлүп, ал быйыл — бир жылдын ичинде эле 535 ишкерге гарантия берди;

    — мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү максатында мыйзамдын жаңы редакциясы парламентке киргизилди.

    «Ошентсе да, Өкмөттүн, сот системасынын, укук коргоо органдарынын дарегине бизнес коомчулугунун айта турган олуттуу дооматтары жана суроолору бар. Чынында эле бул дооматтар жүйөөлүү. Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик органдар, ишкерлерге шарт түзүп, жардам бергендин ордуна, дагы эле ар кандай текшерүүлөр менен алардын ишине кийлигишкен учурлар уланып жатат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

    Айрым ишкерлер текшерүүлөрдөн, тоскоолдуктардан тажагандыктан иштерин жыйыштырып же башка өлкөлөргө көчүрүп кетип жатканы тууралуу айтылды.

    «Коом үчүн да, ишкерлер үчүн да манилүү маселе — бул жарандарыбыздын сот системасына болгон ишеними. Бизнес айтып жаткан негизги дооматтардын бири — соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы. Дагы бир көйгөй — инвесторлордун менчик укугу сакталышын жана кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча реалдуу кепилдиктер камсыз кылынбай жатканы. Ишкерлерди мыйзамдардын туруксуздугу, салыктардын жана социалдык төлөмдөр, салыкты администрациялоо, ЕАЭБ рынокторундагы атаандаштыктын адилеттүүлүгү жөнүндөгү маселелер да тынчсыздандырат.

    Кандай кылганда өлкөдөгү ишкерликтин өнүгүшүнө кедерги болуп жаткан факторлорду жоюп, биргелешип экономикабызды көтөрөбүз? Мына ушулар жөнүндө сиздер менен ачык сүйлөшүп, жаңы идеяларды, сунуштарды угуп, ишке ашыргыбыз келет. Бизнес-чөйрөсүн туруктуу жакшыртуу үчүн мамлекет, бардык бийлик бутактары чукул арада кандай чараларды көрүшү керек экенин талкуулап, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Сиздердин пикириңиздер, айтылган идеялар жана сунуштар сөзсүз эске алынат жана алар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат», — деп Мамлекет башчысы кириш сөзүн жыйынтыктады.

    Жолугушуу андан ары катышуучулардын сөздөрү жана «суроо-жооп» форматында уланды.

    www.president.kg

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды

    Өкмөттөгү жумушчу кеңешме.

    Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун ишмердүүлүгү маселеси боюнча 17-сентябрындагы жумушчу кеңешмеде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мамлекеттик үлүштүү компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) жана менеджментти баалоо критерийлерин эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.

    Мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын жетекчилери катышкан кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымдагандай, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасына ылайык, учурда Фонд 50% ашуун акцияларынын менчик ээси катары саналган 22 акционердик коомдо ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) киргизүү пландаштырылууда.

    Өкмөт башчыга маалымдалгандай, мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун активдеринин жана капиталынын рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү жыл сайын төмөндөп, туруксуз болууда. Компаниянын реалдуу абалын талдап, анын өнүгүүсүн болжолдоого мүмкүндүк болбой жатат.

    Ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) өзүнө акционерлердин инвестицияларынын рентабелдүүлүгү, акционердик капиталдын рентабелдүүлүгү, активдердин рентабелдүүлүгү, таза үстөктүк маржа, операциялык чыгымдардын көрсөткүчтөрү, өздүк капиталга милдеттенмелердин коэффициенти, адекваттуулук коэффициенти жана узартылган кредиттердин үлүшү боюнча көрсөткүчтөрдү камтыган өнүккөн экономикада кабыл алынган индикатор боюнча баалоо сунушталууда.

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, бүгүнкү күнү башкаруу сапатынын төмөндүгүнөн мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун көп бөлүгү натыйжасыз жана чыгашалуу болуп саналууда. «Рыноктук мамилелердин шарттарында ишканалардын жетекчилери заманбап рыноктук механизмдерге ылайык таасирдүү иштөөлөрү зарыл. Ачык жана айкын менеджмент, мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын жеке менчик ишканалар менен ачык атаандашуусу болушу кажет», – деди Премьер-министр.

    Ошону менен бирге Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик компанияларда алардын жетекчилеринин эмгек акыларын адилетсиз жана сарамжалдуу эмес төлөө байкалууда.

    «Айрым мамлекеттик компанияларда эмгек акылар туура белгиленген эмес. Бонустар жана сыйлык акчалар менеджменттин, жылдык кирешенин жана компаниялардын чыныгы көрсөткүчтөрүнүн натыйжалуулугунан көз карандылыкта гана бекитилиши керек», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы жалпы жагдайды кайрадан карап чыгуу зарыл. Натыйжалуу иштеген гана жетекчилер калышы керек. Эки жуманын ичинде компания жетекчилери сунуштарын киргизип, алардын ишин баалоо жана эмгек акысын түзүү критерийлерин иштеп чыгууга активдүү катышуулары керек. «Оюндун шартын» бардыгы жакшы түшүнүүгө тийиш», – деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

    Бул демилгени компаниялардын жетекчилери колдоого алышып, өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн айтышты, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн тизмесине да токтолушту.

    Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорго ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды. Ошону менен бирге Өкмөт башчы компаниялардын натыйжалуулугун калыс жана ар тараптуу баалоону камсыздоо үчүн критерийлерди дыкат иштеп чыгууну талап кылды.

    www.gov.kg

    Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фондунун», «Айыл Банк» жана «РСК Банкынын» төрагаларын кабыл алды

    Президент Сооронбай Жээнбеков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фондунун», «Айыл Банк» жана «РСК Банкынын» төрагаларын кабыл алды

    Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 13-сентябрда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Гарантиялык фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Мурат Акимовду жана «РСК Банк» ААК төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды.

    Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгы чыккандан кийин аларга аймактарда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген жана экспортко чыгарууга аракет кылган ишкерлерди колдоо жана каржылоо үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча тапшырма берилгенин эске салды.

    Аталган финансы институттарынын жетекчилери Мамлекет башчысына Президенттин Жарлыгынын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат беришти.

    РКӨФ төрагасы Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча бардык аймактарда жергиликтүү ишкерлерди консультациялар менен камсыздоо максатында аймактык борборлор ачылды. Фонд тарабынан жалпы суммасы 281,5 млн долларга барабар 1530 долбоор жактырылды, анын ичинен 55 пайызынын көбү кайра иштетүү тармагына жана агроөнөржай комплексине берилди.

    Аймактарды өнүктүрүү максатында «Региондор — өсүүнүн өзөгү» деген сынак жарыяланды. Анда негизги басым айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жасалган, ишкерлерди кубаттоо механизми каралган.

    «Кепилдик фонду» ААКтын төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, 2018-жылдын июль айында Өкмөт Кепилдик фондуна кошумча 300 млн сом бөлүп бөлгөн, бул берилген кепилдиктердин санын кыйла көбөйтүүгө өбөлгө түзгөн. Өнөктөш банктар дагы аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүштү.

    Жакын арада Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүү боюнча долбоор, Ош облусунда сүт азыктарын өндүрүү, Кочкор районунда сыр чыгаруу жана Ысык-Көл облусунда айыл чарба продукциясын өндүрүп, кайра иштетүү — жемиштерди кургатуу жана экспортко чыгаруу долбоорлору ишке киришет. Ошондой эле «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте бир катар күнөсканаларды курууну каржылоо пландалууда.

    «Айыл Банктын» төрагасы Мурат Акимовдун айтымында, КР Өкмөтү уставдык капиталга 20 млн доллар бөлүп берген, бул банктын өнүгүүсүнө жана алыскы чет өлкөлөрдөн ресурстарды тартууга жана дагы айыл чарба жана агроөнөржай багыты боюнча насыялардын үстөгүн төмөндөтүүгө жол берет. Мындан тышкары, республиканын алыскы айылдарында жашаган кардарларга жеңилдетилген шарттар менен өзүнчө насыялык продукт иштелип чыгууда. Бул жылы дагы кошумча 7 миң адам мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында насыя алышты.

    Өз кезегинде «РСК Банктын» төрагасы Азизбек Оморкулов белгилегендей, күрөөсүз жана комиссиясыз 12 пайыз жылдык үстөк менен насыяларды берүү боюнча алыскы айылдарды колдоо долбоору ишке киргизилди. Өлкөнүн бардык облустарында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча долбоорлор колдоого алынып жатат, анын ичинде Ысык-Көл облусунда сүттү кайра иштетүү жана Чүй облусунда терини кайра иштетүүчү ишкана бар. Бүгүнкү күндө 19 400 адам жеткиликтүү насыялоо менен камсыз болду.

    Мындан тышкары, Азизбек Оморкулов «Кыргызпочтасы» ишканасы менен биргеликте республиканын 600 айылында айлык акыны жана пенсияларды накталай эмес алуу максатында ПОС-терминалдар орнотулду, бул долбоор дагы 190 айылды камтыйт. Жакын арада бүт өлкө боюнча «Мобилдик банкинг» долбоору ишке кирип, жарандар уюлдук телефондор аркылуу бардык зарыл болгон төлөмдөрүн жүргүзө алышат.

    Президент Сооронбай Жээнбеков жалпысынан аймактарды колдоого багытталган республиканын финансылык институттары көрүп жаткан чараларга канааттануу билдирди. Ал жетекчилерди аймактардагы долбоорлорду каржылоону күчөтүүгө дагы бир жолу чакырды жана өзгөчө көңүлдү логистикалык борборлорду түзүү, өсүмдүк жана мал чарба продукциясын кайра иштетүүгө буруп, экологиялык таза продукцияны кайра иштеткен кыргызстандык ишканалардын экспортко чыгуусуна жардам берүү зарылдыгын белгиледи.

    www.president.kg

    КҮН ТАРТИБИНДЕ: АТА МЕКЕНДИК ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДОО БОЮНЧА ДОЛБООРЛОР

    КҮН ТАРТИБИНДЕ: АТА МЕКЕНДИК ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДОО БОЮНЧА ДОЛБООРЛОР

    «ГФ» ААК, пресс-релиз, 7.09.2018-ж.

    7-сентябрда «Кабар» маалымат агенттигинде республиканын чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) насыялоо жана алардын финансылоого гарантия аркылуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо процесстерине катышкан маанилүү финансылык институттардын жетекчилердин катышуусунда пресс-конференция өттү.

    Күн тартибинде ата мекендик ишкерлерди, ар кайсы кызматтарды жана товарларды өндүрүүчүлөрдү, ошонун ичинде экспортту илгерилетүү жана импорттун ордун алмаштыруучуларды колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселеси каралган.

    Учурдагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө журналисттерге башкармалыктардын төрагалары баяндап берди: «Айыл Банк» ААКтын – Мурат Акимов, «РСК Банк» ААКтын – Азизбек Оморкулов, ОКӨФтүн – Эркин Асрандиев жана «Гарантиялык фонд» ААКтын төрагасы – Малик Барктабасов. Пресс-конференциянын аягында алар ММК суроолоруна жооп беришти.

    Малик Абакиров өз сөзундо Кыргыз Республиканын президентине, парламентине жана өкмөтүнө «Гарантиялык фондго» ишеним жана колдоо көрсөтүү үчүн ыраазычылык билдирди. Быйыл республикалык бюджетинен фондду капиталдаштыруу үчүн 300 млн. сом бөлүнгөн. Ушул жылдын аягына чейин дагы 200 млн. сомдун келип түшүүсү күтүлүүдө.

    Берилген каражаттар аймактык ишкерлерди колдоого, айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга, айылчарба продуктыларын кайра иштетүүгө, өнөр жай өндүрүшүнө, өнүгүү долбоорлорду ишке ашырууга жөнөтүлөт.

    Ишкерлерге берилген гарантиялардын натыйжалуулугу

    Быйыл, 7-сентябрга карата 294,6 млн. жалпы суммасындагы 300 гарантия бекитилген, бул сан жана сумма боюнча 2017-жылдын көрсөткүчтөрдөн 128 жана 120%га көп. Ишмердикти 2016-жылдын ноябрдан баштап жана 2018-жылдын 7-сентябрына чейин 543 млн. сом суммасындагы 537 гарантия бекититти. Өнөктөш банктар тарабынан фонддун гарантиялардын алдында ишкерлерге 1,948 млрд. сом көлөмүндө насыя бекитилди.

    «ГФ» ААКтын ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикасына чон салым кошуп келет. Фонддун бул салымы ИДП калыптанышына таасир тийгизип, жаңы жумуш орундарды түзүүгө жана учурдагы жумуш орундарды колдоого, аймактардагы жакырчылыкты төмөндөтүүгө, ЧОИнин өндүрүштүк кубаттуулугун көбөйтүүгө, жергиликтүү бюджеттерге финансылык агымдарды келип түшүүсүнө натыйжалуу көмөктөшөт.

    Берилген гарантиялар боюнча маалымат 07.09.2018-ж.карата

    Берилген гарантиялардын саны, бирд. 537
    Берилген гарантиялардын суммасы, млн. сом 543
    Берилген насыялардын суммасы, млн. сом 1 948
    Жаңы жумуш орундар, бирд. 904
    Учурдагы жумуш орундарды колдоо, бирд. 5 064
    Гарантиялардын орточо суммасы, миң. сом 1 011
    Кайтарымдуулук, % 99,92%
    Экспортко багытталган долбоорлордун саны 31
    Экспортко багытталган долбоорлордун суммасы, млн.сом 106
    «Бир район – бир ишкана» (БРБИ) боюнча долбоорлор 18
    «Бир район – бир ишкана» (БРБИ) боюнча долбоорлордун суммасы, млн.сом 40

     

    Берилген гарантиялардын тармактар тилкесиндеги үлүшү

    Экономика тармактарынын аталышы Берилген гарантиялардын жалпы суммасындагы үлүшү, %
    1 Айыл чарба 22,99%
    2 Иштетүүчү өнөр жай 18,76%
    3 Айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү 11,42%
    4 Соода 25,22%
    5 Туризм 6,03%
    6 Транспорттук ишмердүүлүк 6,04%
    7 Кызмат көрсөтүүлөр 8,09%
    8 Курулуш 1,46%
      Жалпы жыйынтык: 100%

    Банктар менен кызматташуу

    «ГФ» ААК азыркы учурда 11 банктар менен кызматташып иштеп келе жатат, анткени фонд насыя эмес финансылык гарантия берет. Тактап айтканда, бул өнөктөш банктар менен келишим түзүлгөн: «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК, «КБ Кыргызстан» ААК, «Банк Азии» ЖАК, «Финка Банк» ЖАК, «Банк Компаньон» ЖАК, «Демирбанк» ЖАК, «Халык Банк Кыргызстан» ААК, KICB ЖАК, «БТА Банк» ЖАК. Ушундай эле келишим Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн.

    Банктар менен кызматташуу насыя рыногунун жана өлкөдөгү гарантиялык системасынын өнүгүү перспективаларынын кенен ачат, 230 дан ашык филиалдан турган өнөктөштөрдүн кеңири аймактык тармагын эске алганда.

    Гарантиялардын көлөмүнүн көпчүлүгү «Айыл Банктын» кардарларына берилет. Азыркы учурда Ош жана Нарын областтарында (сүт ишканалары), Талас аймагында (төө бурчакты кайра иштетүү) жана башка региондордо ири долбоорлор ишке ашырылууда.

    Быйыл жазында «ГФ» ААК ОКӨФтөн 100 млн. сом өлчөмүндө насыя алган. 2018-жылдын 7-сентябрына карата алган каражаттардын 68 пайызы өздөштүрүлгөн.

                «ГФ» ААКтын ишмердиктин көрсөткүчтөрү гарантиялык капиталын натыйжалуу пайдаланганын, гарантиялык портфелинин канааттандырарлык

     сапатын, институционалдык өсүштүн жана ЧОИге көмөктөшүүнүн көлөмүнүн көбөйүүсүн көргөзөт.

    Өткөн периоддо «ГФ» ААКтын гарантияларын жардамы менен 900 ашык жаңы жумуш орун түзүлдү жана 5000дей учурдагы жумуш орундар колдоого ээ болду.

    “ГФ” ААКтын башка багыттары жана проекттери

    “ГФ” ААКтын ЧОИ субъекттерине гарантия берүү негизги милдетинен тышкары, башка дагы багыттар менен иш алып барууда. Ишкерлердин финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасынын чегинде “ГФ” ААК республиканын бардык аймактарында окутуу семинарларын жүргүзөт. Ошону менен бирге өнөктөш-банкттардын жергиликтүү филиалдарынын кызматкерлери үчүн гарантия берүүнүн механизмдери боюнча жолугушуу-семинарлар өткөрүлөт.

     “ГФ” ААК чакан жана орто ишкерлерге мындан ары дагы маалымдоо-кенештик жардам көрсөтүү максатында бардык областтык борборлорунда Ишкерлерди колдоо борборлорун негиздөөнү пландаштырууда. Биринчи ИКБ Нарын шаарында ачылып иш баштады.

    Азыркы учурда КР Өкмөтүнүн кароосунда “Кыргыз Республикасында автомобиль тармагын түзүү” жана “Кыргыз Республикасындагы айыл чарба машинасын курууну калыбына келтирүү” стратегиялык программалардын долбоорлору турат. Алар “Гарантиялык фонд” ААКтын адистери тарабынан иштелип чыккан.

    “ГФ” ААКтын аталган программалары бир гана машина куруу тармагынын өнүгүүсүн билдирбестен, жалпы экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, экономиканын реалдуу секторунундагы алдыга карай сапаттуу жүрүшүнө жана экспортттук потенциалын жогорулатууга көмөктөшөт.

    Ошондой эле, “Бир район – бир ишкана” (БРБИ) программасы ишке киришти. Бул программанын иш жүзүнө ашырылышы бардык аймактарда жаңы ишканалар ачылып, иштеп жаткан ишканаларда жаңы багыттар каралып, экономиканын реалдуу секторунун жанданышына, калктын жумуштуу болушуна, бюджетке, социалдык фондго төлөмдөрдүн туруктуу агылып келишине жана жалпы инфраструктуранын жакшырышына алып келет.

    Бул программаны ишке ашырууда “ГФ” ААК бардык областтарда сүт, төө бурчак, жемиш кайра иштетүү, мейманкана комплексин жана кийим тигүү өндүрүшү, күнөскана, асыл тукум чарбачылык жана башка тармактар боюнча 18 ишканага колдоо көрсөтүлдү.

    2019-жылында өлкөнүн ар кайсы аймактарында 40тан кем эмес жаңы ишкана же иштеп аткан ишканалардын жаңы багыттарын колдоо пландаштырууда. 2021-жылга чейин мындай ишканалардын жана жаңы багыттардын саны 80ден 120ге чейин жеткизилет.

    Өнүгүүнүн перспективалары

    «ГФ» ААКтын уставдык капиталын көбөйтүүсүнө ылайык 2018-жылдын ичинде 450-470 млн. сом суммадагы гарантиялардын берилиши пландаштырууда. Бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 2 эсе көп болот. Насыя жөнүндө сөз кылсак өнөктөш банктар тарабынан 1,6-1,8 млрд. сом чегинде насыя берилет. Бул да былтыркы жылдын деңгээлин 2 эсе ашып кетет. 2017-жылы (246 млн. сом) жана 2018-жылы берилген гарантиялардын учурдагы өздүк капиталдын көлөмүнө катнашы 120% түзөт. Учурдагы иштеп жаткан гарантиялык портфелинин көлөмү отчеттук мезгилдин аягына 415 млн. сом болуп калат.

    Буга жараша, гарантиялык портфелдин учурдагы өздүк капиталдын көлөмүнө катнашы 70% түзөт. Мындан тышкары фонд берилген гарантиялардын санын аймактык камтуусуна карата катнашын 70% кармоого жана артыкчылыктуу тармактарынын көлөмүнө карата катнашты 60% кем эмес кармоого аракеттенет.

    ЧОИнин гарантияга муктаждыгынын көбөйүүсүн эске алуу менен алардын муктаждыгын канаттандыруу үчүн жыл сайын план түрүндө гарантиялык капиталын 500 млн. сомго көбөйтүш керек. Ресурстарга муктаждык пландык маанилерден жогору болушу мүмкүн, гарантияларга муктаждыктын иш жүзүндө өсүшүн эске алганда.

    ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛОО ЖӨНҮНДӨ ЖАНА «АЙЫЛ БАНК», «РСК БАНК», «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНДДУН» УСТАВДЫК КАПИТАЛЫН КӨБӨЙТҮҮ ЖӨНҮНДӨ

    ПРЕМЬЕР-МИНИСТР МУХАММЕДКАЛЫЙ АБЫЛГАЗИЕВ ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН НАСЫЯЛОО ЖӨНҮНДӨ ЖАНА «АЙЫЛ БАНК», «РСК БАНК», «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНДДУН» УСТАВДЫК КАПИТАЛЫН КӨБӨЙТҮҮ ЖӨНҮНДӨ

    Өкмөттүн жыйынында.

     «2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууну камсыздоо чараларынын алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо аркылуу өнүктүрүү зарыл. Дал ушул үчүн биз айыл чарбасын, экспорттук операцияларды колдоого, өндүрүштү модернизациялоого багытталган жеңилдетилген насыяларды берүү тутумун жигердүү өнүктүрүп жатабыз», – деди 28-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

    Премьер-министрдин айтымында, жеңилдетилген насыялоо тутуму «Айыл банк» ААК, «РСК банк» ААК, «Кепилдик фонду» ААК, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин камтууга тийиш.

    «Бул тутумдун негизги милдети атамекендик экономиканын артыкчылыктуу багыттарында бизнес жүргүзгөн чарбалык  субъектилерди жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча аракеттешүү болушу зарыл», – деди ал.

    Буга байланыштуу Өкмөт башчы 2018-жылы «Айыл банк» ААКтын уставдык капиталын 20 млн АКШ долларына көбөйтүп, бул көрсөткүчтөрдү 100 млн АКШ долларына чейин жеткирүүгө каражаттарды табууну тапшырды. Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылы «РСК банк» ААКтын уставдык капиталын 29 млн долларга жана «Гарантиялык фонд» ААКтын уставдык капиталын 1 млрд сомго чейин көбөйтүү маселелерин иштеп чыгуу милдеттендирилди.

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Айыл банк» ААКсы капиталдаштыруудан кошумча каражаттарды айыл чарба кооперативдерин түзүүнү жана колдоону өбөлгөлөөгө, ал эми «РСК банк» ААКсы – экспорттук ишканалар үчүн арзан насыяларды каржылоого жумшоосу кажет.

    Маалымат жана сүрөттөр www.gov.kg сайтынан алынды

    КР Өкмөтүнүн Буйругу

    КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы №217-б

     БУЙРУГУ

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2017-жылдын 26-декабрындагы Чечимин аткаруу максатында, ошондой эле «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун ишмердигинин мындан ары да эффективдүүлүгүн камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасынын аймактарындагы чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин муктаждыктарын толук камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын чегинде, Кыргыз Республикасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Мыйзамдын 22 жана 25 беренелерине, жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 10 жана 17 беренелерине ылайык:

    1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги орнотулган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуунун негизинде «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүгө 300 000 000 (үч жүз миллион) сом акча каражатты бөлүп берсин;

    – бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен макулдашылган тартипте «Гарантиялык фонд» ААКтын акциялардын кошумча 300 000 000 (үч жүз миллион) сом суммадагы эмиссиясын төлөп «Гарантиялык фонд» ААКтын эсеп счетуна которсун.

    1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду «Гарантиялык фонд» ААК менен биргеликте орнотулган тартипте «Гарантиялык фонд» ААКтын 300 000 000 (үч жүз миллион) сом суммасындагы 3 000 000 (үч миллион) кошумча жөнөкөй энчилүү акцияларын чыгаруу, жайгаштыруу жана төлөө боюнча керектүү иш-чараларды жүргүзүшсүн.
    2. Бул буйрук расмий түрдө жарыяланган күндөн баштап он күндөн кийин күчүнө кирет.
    3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Финансы жана кредиттик саясат боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

     

    Премьер-министри                                                                М.Д. Абылгазиев