Валюталар курсу:
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
    2016-жылдын 15-июнундагы № 325
    токтому менен бекитилген

     

    Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн
    КОНЦЕПЦИЯСЫ

    1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо

    Кыргыз Республикасында чакан ишкердикти мамлекеттин деңгээлинде колдоо өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Чакан жана орто бизнестин субъекттеринин финансылык мүмкүнчүлүктөргө жетүүсү чектелгени, кредиттин керектүү суммасын банктардан алуу үчүн күрөөнүн жетишсиздиги, банк системасында кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар чакан жана орто бизнестин жигердүү өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда.

    Кыргыз Республикасында банктарга кайрылган потенциалдуу карыз алуучулардын 40-50 пайызга жакыны күрөөнүн жетишсиздигинен улам бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кредиттин суммасын ала албайт. Банк системасынын кредиттик ресурстарына суроо-талаптар көп болуп, ал эми сунуштар жетишсиз шартта кредиттердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүүгө мүмкүндүк бербейт.

    Ушул маанилүү маселени чечүү үчүн 2011-2013-жылдары жаңы финансылык система – гарантиялык фонддор түзүлгөн, алар ишкерлерге күрөөнүн жетишсиздиги шартында зарыл суммадагы кредиттин бөлүгүнө гарантияларды беришет.

    Гарантиялык фонддор чакан жана орто бизнести кредиттөөгө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн жана аларды колдоонун базалык уюмдарынын бири болуп саналат. Гарантиялык фонддордун негизги милдети – ишкерлерге күрөөнүн жетишсиздигинде банктардагы кредиттер, лизинг келишимдери боюнча гарантияларды берүү.

    Гарантиялык фонддор “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык гарантияларды берүү боюнча универсалдуу уюм болуп саналат. Уюштуруучулардын курамына жараша алар республиканын же региондун аймагында иштеши мүмкүн.

    Кыргыз Республикасында учурда гарантиялык фонддор регионалдык (муниципалдык) болуп саналат, анткени гарантиялык фонддордун уюштуруучусу болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат жана алар кайсы жерде түзүлсө, ошол региондун аймагында иш алып барышат. “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында гарантиялык фонддорду акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом, кооператив, фонддор, мекемелер түрүндө түзүү каралган.

    Бул Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасын ишке ашырууга багытталган жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын, бизнес-ассоциациялардын жана башка кызыкдар түзүмдөрдүн негизги чаралары эске алынган.

    Кыргыз Республикасында гарантиялык фонддор төрт облуста (Кара-Балта, Каракол, Ош, Жалал-Абад, Кант шаарларында жана Ош облусунун Сарай айыл аймагында) иштеп жатат. “Каракол” гарантиялык фонду Ысык-Көл облусунун бардык аймагын камтыйт, калган гарантиялык фонддор өз муниципалитетинин аймагынын чегинде иш жүргүзүшөт.

    2011-жылдан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта алардын ишинин натыйжасы катары төмөнкүлөрдү айтып кетсек болот:

    – гарантиялык фонддордун саны 6га жеткен;

    – капиталы 33 млн. сомду түзгөн;

    – берилген гарантиялардын саны 404 бирдикти түзгөн;

    – гарантиялардын суммасы 39 млн. сомго жеткен;

    – банктар берген кредиттердин суммасы 190 млн. сомду түздү;

    – гарантия алган ишкерлердин тапкан пайдасы 600 млн. сомдон ашты;

    – жаңы түзүлгөн жумуш орундарынын саны 342 бирдикке жеткен;

    – 892 жумуш орду сакталып калды;

    – гарантиялардын кайтарымдулуугу 100 пайызды түздү;

    – жергиликтүү бюджетке 5 млн. сомдон ашуун салык түшкөн.

    Мында өндүрүш, айыл чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кызмат көрсөтүүлөр жана соода жүргүзүү гарантия берүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.

    1. Жетишкендиктер жана проблемалар

    Гарантиялык фонддор аркылуу чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында төмөнкүдөй алгылыктуу натыйжаларга жетишилген:

    – “Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган;

    – Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда алты гарантиялык фонд түзүлгөн жана иштеп жатат, алар чакан жана орто бизнеске күрөөнүн жетишсиздиги орун алган учурда зарыл суммадагы кредит алууга жардам көрсөтүүдө;

    – Кыргыз Республикасынын Гарантиялык фонддор ассоциациясы тарабынан 2011-2014-жылдарга гарантиялык фонддор системасын өнүктүрүүнүн деңгээлине Азия өнүктүрүү банкынын заказы боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн;

    – “Гарантиялык фонд чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инструменти катары” деген китеп даярдалып басылып чыккан;

    – гарантиялык фонддор институтун ишке киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар тарабынан кызматташууга кызыгуулары байкалууда.

    Гарантиялык фонддор системасы төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:

    – чакан жана орто бизнес субъекттерин өнүктүрүүгө жана алардын кирешесин арттырууга;

    – экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө;

    – жаңы жумуш орундарын түзүп, иштеп жаткан жумуш орундарын сактоого;

    – бюджетке салыктык каражаттардын түшүүсүн көбөйтүүгө;

    – региондорду өнүктүрүүгө.

    Гарантиялык фонддор системасын өнүктүрүүдө бир катар проблемалар да орун алууда, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:

    – гарантиялык фонддорду жетишсиз капиталдаштыруу;

    – мамлекеттик катышуу үлүшү 100% өлчөмүндөгү гарантиялык фондду (мындан ары – мамлекеттик гарантиялык фонд) түзүү зарылдыгы;

    – республиканын айрым региондорунда гарантиялык фонддордун жоктугу;

    – жеке сектордун гарантиялык фонддорду өнүктүрүүгө жигердүү тартылбай жатышы.

    1. Концепциянын максаты

    Концепциянын негизги максаты болуп мамлекеттик гарантиялык фондду түзүү, региондордо жаңы гарантиялык фонддорду ачуу, алардын капиталына инвестицияларды тартуу жана чакан жана орто бизнестин субъекттеринин республиканын бардык региондорунда финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу, гарантиялык фонддорду түзүүдө жана өнүктүрүүдө башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын жайылтуу жолу менен гарантиялык фонддордун ишин кеңейтүү эсептелет.

    Концепция төмөнкү максаттарды көздөйт:

    – экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу чакан жана орто өндүрүштөрдүн финансыларга жетүүсүнө колдоо көрсөтүү;

    – айыл чарба кредиттери боюнча пайыздарды субсидиялоодо бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу;

    – чакан жана орто бизнестин ИДПга кошкон салымын көбөйтүү;

    – жаңы жумуш орундарын түзүү жана иштеп жаткан жумуш орундарын сактоо;

    – бюджетке салыктардын түшүүсүн көбөйтүү;

    – региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү, ички миграциянын масштабдарын азайтуу;

    – чакан жана орто бизнести натыйжалуу өнүктүрүү;

    – гарантиялык фонддордун ликвиддүү гарантияларды берүүсүнүн эсебинен банктагы кредиттердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүү;

    – мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн принциптеринин негизинде гарантиялык фонддорду түзүү;

    – ишкер аялдарга гарантияларды берүүнү камсыз кылуу (ишкерлердин жалпы санынын кеминде 30 пайызы).

    1. Приоритеттер

    Концепциянын максаттарына жетишүү төмөнкүдөй приоритеттүү багыттарды ишке ашыруу аркылуу камсыздалат:

    1. мамлекеттик гарантиялык фондду түзүү;
    2. чакан жана орто бизнестин субъекттерин гарантиялык фонддор менен финансылык ресурстарга жетүүсүн колдоо;
    3. региондордо мамлекеттик гарантиялык фонддордун филиалдарын, жаңы гарантиялык фонддорду ачуу, аларды капиталдаштыруу.
    4. Ар бир приоритет боюнча милдеттер жана чаралар/иш-аракеттер

    Мамлекеттик гарантиялык фондду түзүү боюнча приоритеттүү 1-багыттын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

    1. 1.1-милдет. Мамлекеттик гарантиялык фондду түзүү жөнүндө ченемдик документтерди иштеп чыгуу.
    2. 1.2-милдет. Мамлекеттик гарантиялык фондду капиталдаштыруу, өнөктөш банктарды тандоо.
    3. 1.3-милдет. Экспортко багытталган чакан жана орто ишканаларды колдоо.
    4. 1.4-милдет. “Айыл чарбаны каржылоо” долбоорлорун ишке ашырууда мамлекеттик гарантиялык фонд тарабынан бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.

    1.1-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун уюштуруу документтерин иштеп чыгуу;

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун ички ченемдик документтерин, анын ичинде өнөктөш банктарды тандоо боюнча талаптарды иштеп чыгуу;

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун капиталынын өлчөмүн аныктоо;

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун бизнес-планын иштеп чыгуу;

    – Өнөктөш банктарды тандоо боюнча талаптарды иштеп чыгуу.

    1.2.-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – республикалык бюджеттен жана Россия-Кыргыз өнүгүү фондусунан мамлекеттик гарантиялык фондду капиталдаштыруу булактарын аныктоо;

    – мамлекеттик гарантиялык фондду капиталдаштыруу үчүн эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

    – өнөктөш банктарды тандоо боюнча тендерди өткөрүү.

    1.3-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун, чакан жана орто бизнестин жана банктардын экспортко багытталган чакан жана орто ишканаларын колдоо боюнча аракеттенүү принциптерин иштеп чыгуу жана макулдашуу;

    – мамлекеттик гарантиялык фонду менен экспортко багытталган ишканаларды колдоочу катышуучу банктардын кызматташуусу жөнүндө келишимдин долбоорун даярдоо, макулдашуу жана ага кол коюу.

    1.4.-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – “Айыл чарбаны каржылоо” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аракеттенүү принциптерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу;

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун жана “Айыл чарбаны каржылоо” долбоорлоруна катышкан банктардын кызматташтык жөнүндө келишимин даярдоо, макулдашуу жана ага кол коюу;

    – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин “Айыл чарбаны каржылоо” долбоорлорун каржылоо үчүн республикалык бюджетте бекитилген, макулдашылган сумманы мамлекеттик гарантиялык фондго которуусу.

    Чакан жана орто бизнестин субъекттеринин финансыларга жетүүсүн колдоо боюнча 2-приоритеттүү багыттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

    1. 2.1-милдет. Чакан жана орто бизнестин субъекттерин (гарантиялык фонддордун потенциалдуу кардарларын) институттук өнүктүрүү.
    2. 2.2-милдет. Чакан жана орто бизнестин субъекттеринин жана гарантиялык фонддордун кызматташуусу.
    3. 2.3-милдет. Ишин жаңы баштаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү (start-up долбоорлору).

    2.1-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – чакан жана орто бизнес субъекттери менен жолугушууларды өткөрүү, аларга гарантиялык фонддор менен кызматташуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү;

    – ишкерлердин бизнес жүргүзүү жана банктар, гарантиялык фонддор менен кызматташуу жаатында финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу.

    2.2-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – гарантиялык фонддордун банктар менен биргеликте республиканын ар кайсы регионунда гарантияларды берүүнү камсыз кылуу;

    – продукцияны экспорттогон ишкерлерге колдоо көрсөтүп, алардын гарантияларды/кредиттерди алуусуна көмөктөшүү.

    2.3-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – жаңыдан иш баштаган ишкерлердин финансылык муктаждыгын баалоо;

    – ишин жаңы баштаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу;

    – ишин жаңы баштаган ишкерлер үчүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, бизнес жүргүзүү, гарантиялык фонддор менен кызматташуу маселелери боюнча семинарларды өткөрүү;

    – ишин жаңы баштаган ишкерлерге гарантиялык фонддор аркылуу финансы каражаттарына жетүүсүнө көмөктөшүү.

    Региондордо мамлекеттик гарантиялык фонддордун филиалдарын, жаңы гарантиялык фонддорду ачуу жана аларды капиталдаштыруу боюнча 3-приоритеттүү багыттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

    1. 3.1-милдет. Мамлекеттик гарантиялык фонддордун филиалдарын региондордо ачуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто бизнестин субъекттерин колдоо үчүн гарантиялык фонддорду ачуу сунуштарын берүү.
    2. 3.2-милдет. Гарантиялык фонддорду институттук өнүктүрүү.

    3.1-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – чакан жана орто бизнестин субъекттерине региондордо гарантияларга муктаждыгын аныктоо жана региондордо мамлекеттик гарантиялык фонддордун филиалдарын ачуу;

    – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына региондо гарантиялык фонддорду ачууга сунуштарды даярдоо;

    – мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн принциптеринин негизинде гарантиялык фонддорду түзүү жөнүндө жеке уюмдар жана донорлор менен жолугушууларды өткөрүү.

    3.2-милдетти аткаруу үчүн төмөнкүдөй чаралар белгиленген:

    – гарантиялык фонддорду түзүү жана аларды каттоодон өткөрүү боюнча уюштуруу документтерин иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү;

    – ички ченемдик документтерди (саясатты, жол-жоболорду), отчеттук формаларды иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү;

    – гарантиялык фонддор иштеши үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана жайылтуу;

    – гарантиялык фонддордун кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуп туруу.

    Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Концепциянын аткарылышын координациялайт.

    Концепциянын иш-чараларын төмөнкүлөрдүн эсебинен каржылоо болжолдонууда:

    – 2016-жылы республикалык бюджеттин каражаттарынан 72 млн. сом суммасында;

    – жеке сектордун каражаттарынан;

    – донорлордун жана эл аралык уюмдардын каражаттарынан;

    – ыктыярлуу төгүмдөрдөн;

    – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан.

    Концепциянын иш-чараларын каржылоонун механизмдери мамлекеттик каржылоону да, мамлекеттик эмес башка булактардын каражаттарынын эсебинен да каржылоону камтыйт.

    1. Күтүлүүчү натыйжалар

    Күтүлүүчү натыйжалар төмөнкүдөй өзгөрүүлөр менен өлчөнөт:

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун ачылышы;

    – мамлекеттик гарантиялык фонддун филиалдарынын ачылышы жана региондордо жаңы гарантиялык фонддордун түзүлүшү;

    – зарыл суммадагы кредитти алган чакан жана орто бизнестин субъекттерине берген гарантиялардын көлөмү;

    – чакан жана орто бизнестин субъекттеринин пайдасынын жана алардын ички дүң продуктудагы үлүшүнүн көбөйүшү;

    – жаңы жумуш орундарын түзүү жана иштеп жаткан жумуш орундарын колдоо;

    – экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга жардам берүү.

    1. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер

    Концепцияны ишке ашыруунун жагымдуу өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

    – 6 гарантиялык фонд ийгиликтүү иштеп, чакан жана орто бизнес субъекттерине жардам көрсөтүүдө;

    – гарантиялар жана кредиттер боюнча кайтарымдуулук 100 пайызды түзөт (2015-жылдын 31-декабрына алган маалымат боюнча).

    Гарантиялык фонддордун ассоциациясы тарабынан төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү:

    – гарантиялык фонддорду институттук өнүктүрүү;

    – жаңы гарантиялык фонддорду ачуу;

    – гарантиялык фонддордун 2011-2014-жылдардагы ишин иликтөө;

    – “Гарантиялык фонд чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инструменти катары” деген китеп даярдалды жана басылып чыккан;

    – кызыкдар жергиликтүү тараптар менен бирге бир катар эл аралык донорлор жана жеке түзүмдөр Концепциянын алкагында иш-чараларды колдоого кызыкдар экендигин билдиришкен, бул эл аралык кызматташууга жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

    Мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар (саясый, экономикалык, социалдык, башкаруучулук, уюштуруучулук ж.б.) минимумдук деңгээлде.

    Ошого карабай мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар боюнча Концепцияны ишке ашыруу субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен макулдашуунун негизинде аларды өз убагында алдын алуу боюнча чараларды көрүү болжолдонууда.

    Концепцияны ишке ашыруунун тобокелдиктерин жана коркунучтарын өз учурунда аныктоого, зарыл чараларды көрүүгө мониторинг жана баалоо системасы көмөктөшөт.

    Концепцияга мониторинг жүргүзүү объекттери болуп приоритеттүү багыттарда максаттардын, милдеттердин жана натыйжалардын индикаторлору саналат.

    Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Концепциянын координатору катары Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо ишин алдыңкы өнөктөштөр менен макулдашып, зарылчылык болсо, Концепцияны ишке ашыруу планын кайрадан карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизип, Концепциянын ишке ашырылышы боюнча жыйынтык отчетту даярдайт.