Валюталар курсу:
USD 84,79
EUR 103,2
KZT 0,201
RUB 1,132
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    Вице-премьер-министр Э. Асрандиев: “Жакын арада мамлекет Кепилдик фондунун капиталын дагы 1 млрд. сомго көбөйтүүнү пландоодо”.

    Көптөгөн чакан жана орто ишканалар коронавирустук инфекциянын таралышынан чоң жоготууларга учурашат жана пандемиянын кесепеттеринен олуттуу таасирлениши мүмкүн. Буга байланыштуу, экономиканын терс кесепеттерин жоюу жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык ишти жандандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чакан жана орто бизнести колдоо боюнча чаралардын пакетин иштеп чыгууда.

    Бул тууралуу 27-апрелде вице-премьер-министр Э.Асрандиев Ала-Тоо 24 телеканалындагы «Маек» программасында кризиске каршы чаралар жана өлкөдөгү экономикалык кырдаал боюнча маек учурунда билдирди.

    Чаралардын бири чакан жана орто бизнес субъектилеринин кредит алууда күрөөнүн наркы жетишсиз болгон учурунда кредиттик банктарга берилүүчү кепилдиктерди камтыган финансылык инструменттерди өнүктүрүү болуп саналат. Буга байланыштуу “Мамлекет жакын арада Кепилдик фондунун капиталын дагы 1 млрд сомго көбөйтүүнү пландоодо”, – деди Эркин Асрандиев.

    Бул “Кепилдик фонд” ААКтын (“КФ” ААК) кепилдик берүү жолу менен ишкерлердин кошумча күрөөгө болгон муктаждыгын канааттандыргандыгы менен негизделет. Чакан жана орто бизнес үчүн кепилдиктерге болгон муктаждык банк тутумунун насыя портфелинин 40-50% ын түзөт. Ишмердүүлүктүн башынан тартып жана 2020-жылдын 31-мартына карата абал боюнча  “КФ” ААК суммасы 1,9 млрд. сом болгон 2150 кепилдик берген, өнөктөш-банктар тарабынан суммасы 6,7 млрд. сомду түзгөн кредит берилген, кепилдиктердин кайтарымы 99,5% түзгөн.

    Президент С.Жээнбековдун 2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү  санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгынын аткарылышынын алкагында, “КФ” ААКтын кепилдиктеринин 88% региондорго багытталды. Ишкерлерди кепилдик колдоо менен республикада жалпысынан 2561 жаңы жумушчу орундары түзүлдү.

    Э.Асрандиев ошондой эле, “КФ” ААКтын капиталын көбөйтүү, ишканаларга насыя ресурстарына ыңгайлуу шарттарда жетүү аркылуу керектүү каржылоону алууга мүмкүнчүлүк берет деп баса белгиледи. Чынында эле, буга чейин кепилдиктерди пайдаланып келген көптөгөн ишкерлерлер “КФ” ААКтын кепилдиктери ишкерлерге пайда алып келе тургандыгына ынанышты: кредиттер ийгиликтүү өздөштүрүлдү, өндүрүш өнүгүп жатат, ишканалардын өнүгүү келечеги бар.

    Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

    Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

    Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.

    Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.

    www.president.kg