Валюталар курсу:
USD 81,20
EUR 95,66
KZT 0,189
RUB 1,044
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    КОНКУРСТУК КОМИССИЯ 19 АЙМАКТЫК ДОЛБООРДУ ЖАКТЫРДЫ

    КОНКУРСТУК КОМИССИЯ 19 АЙМАКТЫК ДОЛБООРДУ ЖАКТЫРДЫ

    Аймактарды өнүктүрүү долбоорлоу.

    2019-жылдын 6-ноябрында Конкурстук комиссиянын бизнес-долбоорлорду, инфратүзүм жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга «Кепилдик фонд» ААКтын  Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров жана консультациялык кызматтар бөлүмүнүн жетекчиси Марат Урустемов да катышты.

    Конкурстук комиссияга карап чыгууга Баткен, Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жалпы суммасы 600 млн сомдон ашкан 39 бизнес-долбоор тапшырылган.Талкуунун жыйынтыгында, республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2 млрд сомдун алкагында жалпы суммасы 155 млн 459 миң сомду түзгөн 19 долбоор жактырылды.

    Баткен облусунун долбоорлорун губернатор Акрам Мадумаров сунуштаган. Губернатор тарабынан 23 долбоор сунушталып, алардын бир катары Комиссиянын макулдугун алган, анын ичинде «КФ» ААКтын катышуусу менен даярдалган эки долбоордун бирөөсү жактырылды. Бул долбоор Исфана шаарында балык чарбачылыгын түзүүгө тийиштүү.

    Аталган долбоор боюнча талкууда Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө түшүндүрмөлөрдү «КФ» ААКтын  Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров да берди.

    “КЕПИЛДИК ФОНД” ААК ФИНАНСЫ ЖАРМАНКЕСИНЕ КАТЫШТЫ

    Финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун жолдору.

    2019-жылдын 29-октябрында “Бишкек парк” соода борборунда  Кыргыз Республикасында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программанын алкагында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы, финансылык жана камсыздандыруу компаниялары менен бирге уюштурган финансы жарманкеси (ачык эшик куну) болуп өттү.

    Жарманкеге «Кепилдик фонд» ААКтын  кепилдиктер жана продуктуларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн  башчысы  Эрик Таласбаев катышты. Ал жарманкеде  “КФ” ААК тууралуу маалымат берип, кепилдик алуунун механизми жана ошондой эле кепилдик системаны өнүктүрүү тууралуу айтып берди.

    Финансы жарманкесинин алкагында банк, микрокаржылоо, камсыздандыруу жана инвестициялык компаниялардын товарларынын көргөзмөсү, финансы сабаттуулугу боюнча көз карандысыз кеңештер жана  калктын финансы сабаттуулугун арттыруу боюнча “Аманат” оюну деген иш-чаралар өткөрүлдү.

    Бул жарманкеге 32 финансы институту, анын ичинде микрокаржылоо уюмдар, камсыздандыруу компаниялары ж.б.  катышышты. Жарманкенин жүрүшүндө, келген коноктор финансы кызматтарынын көргөзмөсүнө катышып, аларды алуу шарттары менен таанышышты. Ошондой эле аймактык үй-бүлөлүк бюджетин  түзүү боюнча жана финансылык пландоо менен финансылык кызматтарды сарамжалдуу колдонуу боюнча маалымат ала алышты.

    Финансы мекемелеринин жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусун эске алуу менен мындай жарманкелерди жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.

     

    ФСП