Валюталар курсу:
USD 81,20
EUR 95,66
KZT 0,189
RUB 1,044
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    “КФ” ААК ЖАНА РКӨФТҮН ӨНӨКТӨШТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА БИРИНЧИ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ

    “КФ” ААК ЖАНА РКӨФТҮН ӨНӨКТӨШТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА БИРИНЧИ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ

    КФ” ААКтын өнөктөштөрү: РКӨФ.

    14-октябрда “Кепилдик фонд” ААКтын кеңсесинде”Кепилдик фонд” ААК жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы өнөктөштүк мамиленин алкагындагы биринчи кепилдиктин келишимине кол коюлду. Кепилдик алуучу – Белашаров Манас Джапарович, “Кыргызцентрпродукт” ЖЧКнын директору.

    Кол коюу аземине “КФ” ААК жана РКӨФ Башкармалыктын Төрагалары Малик Абакиров, Эркин Асрандиев жана ишкер Манас Белашаров катышты. Кепилдиктин суммасы 20 млн сомду түзөт. Бул жобого ылайык зайымчы жүгүртүү каражаттарын толуктоо (айыл чарба продукциясын сатып алуу) үчүн РКӨФтөн кредит алат.

    “Кыргызцентрпродукт” ЖЧК ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп “КЫРГЫЗПРОДУКТ” соода маркасы алдында айыл чарба продукциясын дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнө экспорттоо.

    Ишкананын төө буурчактын ар түрдүү сортторун тазалоо, сорттоо, калибрлөө, кайра иштетүү жана таңгактоо үчүн атайын жабдуулар менен складдык базасы Талас областында жайгашкан. Жашылчаларды сактоо окшош склады (логистикалык борбор) Чүй областынын Ак-Суу районунун Москва айылында M. Белашаров тарабынан курулган.

    Эскерте кетсек, “КФ” ААК кызматташуу боюнча 12 коммерциялык банк жана РКӨФ менен келишим түзгөн.

     

    ФСП