Валюталар курсу:
USD 69,85
EUR 77,28
KZT 0,181
RUB 1,096
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    “КЕПИЛДИК ФОНД”: АЙМАКТЫК ДОЛБООРЛОРДУ КАРЖЫЛОО БОЮНЧА 2019-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    “КЕПИЛДИК ФОНД”: АЙМАКТЫК ДОЛБООРЛОРДУ КАРЖЫЛОО БОЮНЧА 2019-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    “КФ” ААКтын пресс-релизи.

    2019-жылдын 27-августунда «Кабар» маалыматтык агенттигинде “КФ” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Азамат Кожобаев РКӨФ, «Айыл Банк» жана «РСК Банк» жетекчилери – Эркин Асрандиев, Бактыбек Шамкеев жана Азизбек Оморкулов менен биргеликте массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү үчүн пресс-конференция өткөрүштү.

    Азамат Кожобаев журналисттерге ишкерлерди каржылоого жеткиликтүүлүгүнө көмөктөшүү, этти, сүттү, жүн жана терилерди кайра иштетүүгө багытталган аймактык долбоорлорго кепилдик жардам берүү жөнүндө айтып берди. Фонддун ишмердиги өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына жагымдуу таасир берет. Кепилдиктер аркасында аймактарда жаңы жумуш орундар түзүлүп жана иштеп жаткан жумуш орундар колдоого ээ болууда, миграция кыскартылып жана жакырчылык төмөндөп баратат.

    2019-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

    2019-жылдын 7 айында, 31-июлуна карата абалына, 468 млн. сом жалпы суммасында 264 кепилдик берилген. Фонддун кепилдиги астында өнөктөш банктар ишкерлерге 1,4 млрд. сом көлөмүндө кредит берген.

    Жумуш орундар. Берилген кепилдиктер аркасында 604 жаңы жумуш орундар түзүлдү жана 2 816 иштеп жактан жумуш орундар колдоого ээ болду.

    Айымдардын ишмердиги. Ишкер айымдарга 97 млн. суммасында 66 кепилдик берилди.

    Экспорт. Экспортко багытталган  долбоорлорго 81 млн. суммасында 11 кепилдик берилди.

    Ошону менен бирге Азамат Кожобаев Фонддун ишмердигине берген АӨБдүн жогорку баалоосун, чет элдик финансы институттарынын кызматташууга кызыгуусун жараткан эл аралык конференцияларга катышууну, Тажикстанда кыргыз модели боюнча түзүлүп жаткан кепилдик фонддор жөнүндө белгиледи.