Валюталар курсу:
USD 73,76
EUR 82,01
KZT 0,179
RUB 1,042
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    КЕПИЛДИК ФОНДДОРДУН КЫРГЫЗ МОДЕЛИ ТАЖИКИСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА КИРГИЗИЛҮҮДӨ

    КЕПИЛДИК ФОНДДОРДУН КЫРГЫЗ МОДЕЛИ ТАЖИКИСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНДА КИРГИЗИЛҮҮДӨ

    “Замонат” Коомдук Уюму кепилдик фонддордун кыргыз моделин Тажикистан Республикасында киргизе баштады! Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров 2019-жылдын августта “Тажикистан Республикасында финансылык инклюзивдүүлүк” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча билдирди.

    “Замонат” КУ атайын күрөөнүн жетишсиздиги учурунда керектүү суммадагы кредитти алууда ишкерлерге жардам берүү үчүн Ачык коом институту (Тажикстан) тарабынан түзүлгөн.

    Киргизүү тарыхы Тажикистан Республикасынын өкүлдөрүн окутуудан жана Малик Абакиров – КРнын КФ Бирикмесинин Төрагасы (2013-2017-жж.) жана “Кепилдик фонд” ААКтын Төрагасы өткөргөн кепилдик фонддорунун кыргыз моделинин эки тараптуу ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасынын натыйжасында башталат (2015-2019-жж.).

    Тажик тараптын биздин КФ моделибизди тандоосуна “Кепилдик фонд”ААКтын, Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонд бирикмесинин ийгиликтүү жана динамикалуу ишмердүүлүгү, регионалдык кепилдик фонддору жана алардын ишкердикти өнүктүрүүдө эффективдүү ишине көмөк көрсөтүүсү салым кошкон. Ушуну эске алып, Ачык коом институту “Замонат” КУ капиталына 290 миң АКШ долларын бөлгөн, ал эми Тажикистан Республикасынын Улуттук Банкы, коммерциялык банк жана микродепозиттик уюмдардын өкүлдөрү толугу менен КФ кыргыз моделин кабыл алышып, “Замонат” КУ менен кызматташып баштоого даяр.