Валюталар курсу:
USD 69,85
EUR 77,25
KZT 0,180
RUB 1,091
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page
    «ГФ» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Премьер-министрге ишкерлерди колдоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдады

    «ГФ» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Премьер-министрге ишкерлерди колдоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдады

    Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 10-августта «Гарантиялык фонд» ААК жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылган жаңы каржылык продуктулар маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

    Премьер-министр баса белгилегендей, 2018-2022-жылдарга аймактык саясат Концепциясынын алкагында акценттерди туура коюп жана артыкчылыктуу багыттарды илгерилетүү зарыл. Ошол эле учурда агрардык өнөр жай комплекси, кайра иштетүүчү өнөр жай жана соода тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге туристтик тармакка өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.

    Кеңешменин жүрүшүндө «Гарантиялык фондунун» жана РКӨФ ишмердиги тууралуу, анын ичинде алар тарабынан аймактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалыматтар сунушталды.

    «Гарантиялык фонд» ААКтын төрагасы Малик Абакиров маалымдагандай, фонддун иштөө мезгилинде 800дөн ашуун жаңы жумуш орундары, 100 млн сом суммасына 28 экспортко багытталган долбоорлор түзүлгөн, 522 кепилдик берилген.

    Жылдын башынан 1-августка чейин жалпы суммасы 271 млн сом болгон 281 кепилдик чакан жана орто ишкердикке берилди. Ишкерлер гарантиялар негизинде банктардан 908 млн. сом көлөмүндө кредит алышып бизнес-пландарын орундатышты. Ошонун ичинде айыл чарбалык ишкерлерге 183 млн. сом суммасындагы (68%) 222 гарантия берилди (жалпы сандын 79%). Аймактардагы ишкерлерге «ГФ» ААКтын гарантиялардын алдында берилген кредиттердин көлөмү 568 млн. сомду (63%) түздү. Бул сандар былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнөн ашып турат.

    2018-жылы КР Өкмөтү фонддун уставдык капиталын дагы 300 млн. сомго көбөйттү. Азыркы учурда уставдык капитал 582 млн. сомду түзөт жана өздүк капиталдын өлчөмү 596 млн. сомго жетти.

    Быйыл жазында «ГФ» ААК Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ)100 млн. сом өлчөмүндө насыя алган. Алынган насыя каражаттары аймактардагы чакан жана орто ишкерликти колдоого гарантия түрүндө багытталган жана ийгиликтүү өздөштүрүлүп жатат. Азыркы учурга карата кредиттик каражаттарынын 70 пайызы өздөштүрүлдү. Жылдын аягына чейин дагы бир 100 млн. сомдук кредит алуу пландаштырылууда.

    Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын гарантиялык фонддорунун моделин ийгиликтүү жана туруктуу деп тапты жана Борбордук Азия менен Кавказ мамлекеттеринде жайылтууга сунуш кылды, деп белгиледи М. Абакиров.

    Аймактарда ишке ашырылган жаңы программалардын ичинде «Бир район – бир ишкана» программасы, бардык аймактык ишкерлерге финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча маалымат берилди.

    Өкмөт башчы баса белгилегендей, «Гарантиялык фонд» ААК жана РКӨФ өз ишмердиктеринде эң ириде өлкөнүн аймактарын колдоо максатын коюуга тийиш. Бул Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды коюп, 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу өзгөчө актуалдуу.

    Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр өзгөчө белгилегендей, РКӨФ жана «Кепилдик фонду» ААКсы аймактарда малчыларга жана дыйкандарга арзан жана узак насыялык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо иштерине өзгөчө көңүл буруулары жана күчтөндүрүүлөрү кажет, бул өлкөнүн аймактарын жана экономикасын өнүктүрүүнү шарттайт.

    www.gov.kg сайтынын маалыматы жана фотосу колдонулду