Валюталар курсу:
USD 81,20
EUR 95,66
KZT 0,189
RUB 1,044
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    “Гарантиялык фонд” ААК жылды дурус көрсөткүчтөр менен баштоодо

    “Гарантиялык фонд” ААК (“ГФ” ААК) экономиканын артыкчылык берилген секторундагы чакан жана орто бизнестеги, анын ичинде, экспорт багытындагы ишканаларга күрөө менен камсыз кылуу көйгөйү орун алган учурда каржылык кепилдик берет. Айыл чарбасы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү,  өнөр жай өндүрүшү, экспорт багытындагы жана импорттун ордун алмаштыруучу ишканалар, транспорт-логистика, туризм жана кызмат көрсөтүү артыкчылык берилген багыттар болуп саналат.

    Иштер, негизинен, “ГФ” ААК тарабынан кабыл алынган 2017-2020-жылдарга Өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылып жатат. 2018-жылы  “ГФ” ААК иш-аракети Президент С. Жээнбеков жарыялаган Региондорду өнүктүрүү жылы жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.

    “Гарантиялык фонд” ААК 2016-жылдын ноябрь айынан 2018-жылдын 28-февралына чейинки мезгил аралыгында 284,9 млн. сом суммасына 275 кепилдик берген. Чакан жана орто ишкердиктин бардык субъекттери “ГФ” ААК тарабынан камсыз кылуунун жардамы аркылуу өнөктөш банктардан 1,085 млрд. сом суммасында кредит алышкан. Мындай сандык көрсөткүчтөр ар кайсы тармактагы бизнесмендердин жана  ишкерлердин өздөрүнүн материалдык-техникалык базаларын бекемдөө менен жергиликтүү инфраструктураны жакшыртып, иш орундарын ачып, өлкөбүздүн экспорттук дараметин көтөрүп жатканын айтып турат.

    “ГФ” ААКнын 2017-жылдагы аткарган ырааттуу жана натыйжалуу иш жыйынтыгы Консультациялык кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү тарабынан жогору бааланды. Кыргызстанда гарантиялык системасын алдыга жылдыруу жана “ГФ” ААКнын чакан жана орто ишкердикке көмөктөшүү дараметин көтөрүү үчүн 2017-жылдын 26-мартында фондду кошумча капиталдоону жана активин көбөйтүүнү сунушташкан.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына “ГФ” ААКнын  уюуштуруучуларынын бири болуу сунушталган. 2018-жылдын  биринчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине парламенттик комитеттин сунуштарын иш жүзүнө ашырылышы боюнча сунуштарды коюга тийиш болгон.

    Мындан улам Мамлекет чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө  (ЧОИ) көңүл буруп жатканын жана “ГФ” ААК өлкөнүн экономикасындагы ролу жана мааниси жогору бааланып жатканын айтууга болот. “ГФ” ААК Өнүгүү стратегиясы жетиштүү каржы колдоосуна жакын арада ээ болмокчу. Бул, албетте,  фонддун ЧОИ секторуна күрөө жетишпеген учурда көмөктөшүүсүнө жана дагы “ГФ” ААК башка программаларын  жана “Бир район – бир ишкана”, “Финансылык сабаттуулугун жогорулатуу” долбоорлорун ишке ашыруусуна,  аймактарда ишкерлерди колдоо борборлорун ачууга жана кеңеш-маалымдоону күчөтүүгө кенен шарт түзөт.

    БРБИ программасынын иш жүзүнө ашырылышы бардык аймактарда жаңы ишканалар ачылып, иштеп жаткан ишканаларда жаңы багыттар каралып, экономиканын реалдуу секторунун жанданышына,  калктын жумуштуу болушуна,  бюджетке, социалдык фондго төлөмдөрдүн туруктуу агылып келишине жана жалпы инфраструктуранын жакшырышына алып келет.

    Ал эми 2018-жылы февраль айында Россия-Кыргыз фонду тарабынан “ГФ” ААКына  100 млн. сом кредит берүү тууралуу чечим кабыл алынышы 2018-жылында жана андан кийинки жылдарда дагы “Гарантиялык фонд” ААКнын иш ийгиликтерине чоң жөлөк болоруна ишеним артат.

    ФСП