Валюталар курсу:
USD 69,85
EUR 77,25
KZT 0,180
RUB 1,091
(0312) 66-49-60, (0312) 62-53-79 office@gf.kg
  • Кыргызча
  • Русский
  • English
  • Select Page

    Ишкерлерге, аны менен бирге экспорттоочуларга гарантияларды берүү

    Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААК КЫЗМАТТАРЫН КОЛДОНУУ ЖѲНҮНДѲ ВИДЕО

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААК – ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ШАЙМАНЫ

    «Гарантиялык фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн максаты болуп чакан жана орто ишкерлердин (ЧОИ) субъекттерине, күрөө камсыздоосунун жетишсиздиги учурунда алардын долбоорлорун толук көлөмдө каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы насыя ресурстарына ЧОИ субъекттеринин бардык жерде жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жолу менен финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

    «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө»                Мыйзамга кол коюлду

    Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2019-жылдын 13-апрелинде «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

     

    Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

    Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорун түзүү жана алардын ишмердиги учурунда келип чыккан мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү.

    Мыйзам Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддорун түзүүнүн жана ишмердигинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.

    Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонуудагы «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 Мыйзамы күчүн жоготот.

    Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

    Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий Интернет сайты

    “Мен премьер-министр болуп турганда Кепилдик фондун түзгөнбүз. Эмне үчүн региондор өнүкпөй келген? Анткени кредиттер келбей, бюджеттик кредиттик саясат аларга жетпей келген. Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок. Мына эми бул маселеге көңүл бурулуп, Мамлекеттик кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө, Фонд тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн. сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 3 млрд сомго жакын кредит беришти. Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү продукциясына каражаттарды бурабыз”

    Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүнөн

    «КЕПИЛДИК ФОНД» ААК ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА СҮТ СЕКТОРУН КОЛДОО БОЮНЧА БИРИНЧИ ЗАЙМДАРЫН КАТТОО ИШИН БАШТАДЫ

    Пресс-конференция

    2019-жылдын 21-октябрында «Кабар» агенттигинде «Кепилдик фонд» ААК  Башкармалыгынын  Төрагасы  Малик Абакировдун Дүйнөлүк банктын  «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун ишке  ашырууда Фонддун катышуусуна арналган  ММК үчүн пресс-конференция болуп өттү. Бүгүнкү күндө «КФ» ААК долбоордун алкагында  алгачкы  займдарды каттоону баштады. Пресс-конференцияга  кепилдиктер  жана продуктуларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн  башчысы  Эрик Таласбаев да катышты.

    Башкармалыктын Төрагасы  Малик Абакиров  журналисттерге өз сөзүндө, Фонд  Дүйнөлүк банктын  «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун ишке ашырууда катышуучулардын бири тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №148-р 2019-жылдын  23-майындагы токтомуна ылайык аныкталгандыгын билдирди.

    Малик Абакиров 2018-жылы «КФ» ААК Дүйнөлүк банк менен бул долбоорду ишке ашырууда бир келишимге жетишкендигин белгиледи. 2019-жылы расмий түрдө өкмөттүн чечими менен колдоого  алынган. Бул «КФ» ААКка  каржылык институту катары, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын  ыйгарым укуктарын таанууда ишенимин билдирет.

    Иш жүзүндө ишке ашыруунун башталышы

    «Фермердик чарбачылык деңгээлиндеги  инвестициялар» компонентинин алкагында  (Жалпы каржылоо 2,0 млн. АКШ доллары) «КФ» ААК арыз ээлерин тандоо тартибине катышып, зайымчылар топторунун мүчөлөрү менен займдык келишимдерди каттоону, жана займды төлөө тартибинин сакталышын көзөмөлдөө ошондой эле аларды кайтаруу үчүн жоопкерчилик алат, деп сөзүн улады Малик Абакиров.

    «КФ» ААКтын кызматкерлери тарабынан  Жети-Өгүз жана Түп райондорунда фермердик чарбаларды изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө Светлая Поляна, Дархан, Боз-Бешик,Талды-Суу жана Кен-Суу айылдарынан  жалпы суммасы  5 572  миң сомду түзгөн  69 чарба ээлерине займ берүүсү жактырылган. Бул райондордо займ берүү бүткөн соң  «КФ» ААК Ак-Суу, Тоң жана Ысык-Көл райондорунда займ берүү ишине киришет.

    «КФ» ААК  Башкармалыгынын Төрагасы зайымдар пайызсыз, бир адамга 1200 АКШ доллары (84 мин. сомго барабар), 10 айдан 3 жылга чейинки убакытка бериле тургандыгын белгиледи.

    Атайын түзүлгөн топ займ алуучу сүт өндүрүүчүлөрдүн тобун каржылык сабаттуулук, сатып алуулардын жол жоболорун, мал чарбачылыгы жана тоюттандыруу боюнча  окутушту.

    «КФ» ААКтын кызматкерлери фермерлердин чарбаларын текшерүүдө алардын  кредиттик карыздарынын жоктугуна, 5 гектарга жетпеген жер аянтын болушуна, 3тон ашпаган бодо малдын болушуна көңүл бурушту. Мындан тышкары, займ алуучулар алына турган сумманын 10% алдын ала төлөөлөрү керектелет.

    Бул долбоорду аяктоодо ( 2020- жылдын 31-декабры) Жалпы каржылоо каражаттары “КФ” ААКка кайра иштетүүгө өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын башка аймактарында да бул тажрыйбаны жайылтуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.

    Долбоордон күтүлгөн жыйынтыктар

    Малик Абакировдун айтымында, долбоордун жыйынтыгында, анын ичинде төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү күтүлөт :

    • 2000ге жакын түздөн-түз карыз алуучулардын – үй жана үй-бүлөлүк чарбачылыгын камтуу;
    • сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн 40 пайызында тоюттандыруу, ден соолукту коргоо, мал көбөйтүү жана кармоону жакшыртуу ыкмаларын ишке ашыруу;
    • түздөн-түз карыз алуучулардын 45% дан кем эмес аялдар түзүшү керек;
    • түздөн-түз карыз алуучулардын 10% ан кем эмес жаштар (18-29 жаш) түзүүгө тийиш.

    Пресс-конференциянын соңунда «КФ» ААК  Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров жана кепилдиктер жана продуктуларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы  Эрик Таласбаев журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

    Маалым  кат: Кыргыз Республикасынын жана ЭӨА (МАР) ортосундагы келишимге  2017-жылдын 10-августунда кол  коюлган.  Ал Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-декабрындагы  №220 (25) Мыйзамы менен ратификацияланган жана 2018-жылдын 10-апрелинде күчүнө кирген.

    Бул долбоордун максаты Ысык-Көл облусунун аймагында кичинекей пилоттук сүт чарбаларында сүт өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү жана сапатын жогорулатуу болуп саналат. Ал 4 компоненттен турат: (1) сүт секторунда мамлекеттик жана жеке кызматтарды бекемдөө, (2) ички чарбачылыктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, (3) фермердик чарбачылык деңгээлиндеги инвестициялар, (4) долбоорду башкаруу (менеджмент, аудит, мониторинг жүргүзүү жана баа берүү).

    Жалпы каржылоо 5 миллион АКШ долларды түзөт (МАР), анын ичинен 2,25 млн. АКШ доллары  – гранттык негизде жана 2,75 млн. АКШ доллары – кредит. Долбоорду ишке ашыруу убактысы 2018-жылдын 10-апрелинен 2020-жылдын 31-декабрына чейин.

    Долбоордун аткаруучу мекемелери болуп  айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация Министрлиги жана каржы Министрлиги болуп саналат. Ал эми долбоорду ишке ашыруу боюнча агенттиктери Агробизнестин атаандаштык борбору, Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин кредиттик линияны башкаруу бөлүмү жана « Кепилдик фонд» ААК  болуп  эсептелет.

    Гарантия алуу тартиби. Кененирээк

    Зайымчы «Гарантиялык фонд» ААК менен кызматташуу туурасында макулдашуу түзгөн Насыя алууга арызы менен Өнөктөш-банктардын  бирине кайрылат.

     

    Банк Зайымчынын арызын өз алдынча карап чыгат, ага берилген документтерди талдап чыгат жана финансылык абалын баалайт. Эгер насыяны алуу үчүн жалгыз тоскоолдук — күрөөнүн жетишсиз наркы болсо, анда Өнөктөш-банк Зайымчыга «Гарантиялык фонд» ААКтан гарантия тартуу мүмкүнчүлүгү туурасында маалымат берет.

    Зайымчы Фонддон гарантия алууга макул болгон убакта, Өнөктөш-банк «Гарантиялык фонд» ААКка өзү кол койгон Гарантияны берүүгө арызды жиберет. Аталган арыз менен бир убакта Өнөктөш-банк документтердин зарыл болгон топтомун жиберет.

    «Гарантиялык фонд» ААК, арызды алган учурдан кийин кыска мөөнөттүн ичинде Гарантия алууга арыз боюнча чечим кабыл алат.

    Эгер оң чечим кабыл алынган учурда, үч тараптуу Гарантия келишими түзүлөт.

    Зайымчы насыя алуунун алдында, бекитилген тарифке ылайык гарантия комиссиясын төлөйт.

    Насыяны алуу

    Жаңылыктар

    «КФ» ААК ӨЗГӨН ШААРЫНДА УЛУТТУК БАНК ТАРАБЫНАН УЮШТУРУЛГАН ТЕГЕРЕК СТОЛГО КАТЫШТЫ

    Аймактар үчүн финансылар. 2019-жылдын 13-ноябрында Ош облусунун Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан “Аймактарда финансы маселесин чечүү жолдору” темасында уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго “КФ” ААКтын Региондук өнүктүрүү...

    read more

    “КФ”ААК ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ТҮРКҮНДӨТҮҮНҮ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ ПРОГРАММАСЫ

    АӨБтүн гранты. Жакында эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынган экономикалык түркүндөтүүнү илгерилетүү  Программасынын ичинде камтылган программанын биринчисин ишке ашырууга арналган жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Ага...

    read more

    “КФ” ААКТЫН АДИСТЕРИ ЖЕТИ-ӨГҮЗ ЖАНА ТҮП РАЙОНДОРУНДА ФЕРМЕРДИК ЧАРБАЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮНҮ УЛАНТУУДА

    Дуйнөлук банктын долбоору. “Кепилдик фонд” ААК Дүйнөлүк банктын  «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун ишке  ашырууда өнөктөш катары Ысык–Көл облусунун фермердик чарбаларын текшерүүнү жүргүзүүну улантууда. Бул жолкусунда “КФ” ААКтын...

    read more

    ОШ ОБЛУСУНУН ТӨРТ РАЙОНУНДА КЕПИЛДИКТЕРДИ АЛУУНУН МЕХАНИЗМДЕРИ БОЮНЧА СЕМИНАРЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

    Аймактарда семинарлар. 2019-жылдын 23-октябрынан 30-октябрына чейин Ош облусунун – Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа жана Алай райондорунда “Кепилдик фонд” ААКтын кызматкери Сапарбай уулу Алтынбек аймактык өкүл Адилет Алимжанов менен биргеликте өнөктөш-банктардын...

    read more
    КОНКУРСТУК КОМИССИЯ 19 АЙМАКТЫК ДОЛБООРДУ ЖАКТЫРДЫ

    КОНКУРСТУК КОМИССИЯ 19 АЙМАКТЫК ДОЛБООРДУ ЖАКТЫРДЫ

    Аймактарды өнүктүрүү долбоорлоу. 2019-жылдын 6-ноябрында Конкурстук комиссиянын бизнес-долбоорлорду, инфратүзүм жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга «Кепилдик фонд» ААКтын  Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров жана...

    read more

    “КЕПИЛДИК ФОНД” ААК ФИНАНСЫ ЖАРМАНКЕСИНЕ КАТЫШТЫ

    Финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун жолдору. 2019-жылдын 29-октябрында “Бишкек парк” соода борборунда  Кыргыз Республикасында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программанын алкагында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик...

    read more

    “КЕПИЛДИК АЛУУЧУ ИШКЕРЛЕРДИН САНЫН КЕҢЕЙТУУ”

    Аймактарда жолугушуулар. “КЕПИЛДИК АЛУУЧУ ИШКЕРЛЕРДИН САНЫН  КЕҢЕЙТУУ” – дал ушундай аталышта Ош областында 2019-жылдын 22-октябрынан 25-октябрына чейин “Кепилдик фонд” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Азамат Кожобаевтин жолугушуулар болуп өттү. Ош...

    read more

    Архивы

    MonTueWedThuFriSatSun
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    252627282930 
           
     123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    28293031   
           
          1
    2345678
    9101112131415
    16171819202122
    30      
       1234
    567891011
    12131415161718
    19202122232425
           
    1234567
    891011121314
    15161718192021
    22232425262728
    293031    
           
         12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
           
      12345
    6789101112
    20212223242526
    2728293031  
           
    1234567
    891011121314
    15161718192021
    22232425262728
    2930     
           
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031
           
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728   
           
     123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    28293031   
           
         12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
    31      
       1234
    567891011
    12131415161718
    19202122232425
    2627282930  
           
    1234567
    891011121314
    15161718192021
    22232425262728
    293031    
           
         12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
           
      12345
    6789101112
    13141516171819
    20212223242526
    2728293031  
           
          1
    2345678
    9101112131415
    16171819202122
    23242526272829
    3031     
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    252627282930 
           
     123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    28293031   
           
          1
    2345678
    9101112131415
    16171819202122
    23242526272829
    30      
       1234
    567891011
    12131415161718
    19202122232425
    262728293031 
           
       1234
    567891011
    12131415161718
    19202122232425
    262728    
           
    1234567
    891011121314
    15161718192021
    22232425262728
    293031    
           
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031
           
      12345
    6789101112
    13141516171819
    20212223242526
    27282930   
           
          1
    2345678
    9101112131415
    16171819202122
    23242526272829
    3031     
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    252627282930 
           
     123456
    78910111213
    14151617181920
    21222324252627
    28293031   
           
         12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
    31      
       1234
    567891011
    12131415161718
    19202122232425
    2627282930  
           
    1234567
    891011121314
    15161718192021
    22232425262728
    293031    
           
         12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
           
      12345
    6789101112
    13141516171819
    20212223242526
    2728293031  
           
      12345
    6789101112
    13141516171819
    20212223242526
    2728     
           
          1
    2345678
    9101112131415
    16171819202122
    23242526272829
    3031     
       1234
    567891011
    12131415161718
    19202122232425
    262728293031 
           
         12
    3456789
    10111213141516
    17181920212223
    24252627282930
    31      
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    25262728293031
           
      12345
    6789101112
    13141516171819
    20212223242526
    27282930   
           
        123
    45678910
    11121314151617
    18192021222324
    252627282930 
           
          1
    2345678
    9101112131415
    16171819202122
    23242526272829
    30      

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААКтын МАКСАТТУУ ТОБУ

    ЧОИ сегментинин ишкерлери, алардын ишмердүүлүгү айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, өнөр жайга, кызмат көрсөтүүгө багытталган, ошондой эле ишмердүүлүгү экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштыруучу катары мүнөздөлгөн ЧОИ, анын ичинде ишкер-айымдар.

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААКтын ИШТӨӨ ШАРТЫ

    Гарантиянын максималдуу суммасы насыянын суммасынан 50% га чейин жана капиталдык суммасынын 10% көп эмес сумманы түзөт (10 млн. сом же 100 миң АКШ долларынын эквиваленти).

    «Гарантиялык фонд» ААКтын жардамы менен насыя алуу процесси. Кененирээк..

    Кардар банкка насыя алганы келет жана күрөөнүн жетишсиздигинен улам, өзүнө керектүү сумманы ала албаса, кардар жана банк гарантия алуу үчүн «Гарантиялык фонд» ААКка кайрылышат.

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААКтын МИССИЯСЫ

    Фонддун миссиясы – гарантиялык рыногун өнүктүрүү, мамлекеттин ИДП түзүмүндө ЧОИ сегментинин үлүшүн көбөйтүү жана калктын жашоосун жакшыртуу жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААКтын ФУНКЦИЯСЫ

    • Ишкерлерге, аны менен бирге экспорттоочуларга гарантияларды берүү;
    • КР Өкмөтүнүн “Айыл чарбасын каржылоо “Программасына катышуу;
    • Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрүнө гарантияларды берүү;
    • Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
    • Аймактык Гарантиялык фонддорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААКтын КӨРӨ БИЛҮҮСҮ

    Фонд мамлекеттин ЧОИ субъекттерин гарантияларды берүү системасын өнүктүрүү жолу менен жеткиликтүү насыяларды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, Кыргыз Республикасынын туруктуу жана стабилдүү өнүгүп жаткан финансы мекемеси болуп калат.

    2020-жылдардын аягында Фонд ЧОИ субъекттери үчүн гарантия берүүнүн системасынын рыногундагы алдыңкы финансылык-насыя мекемеси болуп калат жана потенциалдуу жергиликтүү жана эл аралык инвесторлорду тартууга өбөлгө түзөт.

    «ГАРАНТИЯЛЫК ФОНД» ААКтын (ФОНД) АЙМАКТЫК ГАРАНТИЯЛЫК ФОНДДОРУ (АГФ) МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕШҮҮСҮ

    • АГФ институционалдык өнүгүүсү;
    • Иштеп жаткан АГФ, ФОНДдун – 70%, ЖӨАБ – 30% жарым жартылай капитализациялануу мүмкүнчүлүгү;
    • АГФ жок жана ЖӨАБ тарабынан капитализациялоо мүмкүнчүлүгү жок аймактарда Фонддун филиалдарын ачуу;
    • Колдонуудагы АГФ тарабынан Фонд менен келишим боюнча гарантияларды берүү үчүн потенциалдык кардарларды баалоо жүргүзүү;
    • Ири долбоорлор боюнча кайра гарантияларды берүү;
    • Ишкерлерге гарантияларды берүү.

    Ѳнѳктѳштѳр